www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Сапар Исаков убагында Сиздин досуңуз болгон, бүгүн кызматтан кеттишине кандай карайсыз?

--Сапар экөөбүз, бала кезибизде эң ынак достордон болчубуз. Кыргызда: “Жакшы көргөн досуңду бир бай болгондо сына, бир бийлик берип сына” деген макал чындык экен. Сапар досум, Өкмөт башчы болгончо жылуу, ооз учунан болсо дагы атамдын бюуртма өлүмүн териштирип, колдоо көрсөтө тургандыгын билдирип, апамдын жана бир туугандарымдын ал-акыбалын сурап, айылдагы туугандарыма кайрат, салам айттырып турду. Өкмөт башчы болгондон кийин бир жолу саламдашканга жараган жок. Мен мунусуна өкүнбөймүн...Туура түшүнөмүн...

--Сапар досуңуздун “40 кадамы” көңүлүңүзгө толдубу?

--Сапар досум, өзү жаш болду. Бирок, АШАнын коюн колтугуна кирип, жеке жашоосун оңдогонго жана калк арасында аброй топтогонго аракет кылгандыгына сыймыктанам. Ал жаш кезиндеги кыялдарына жетти. Мен баарына күбө болдум. Сапар, шаар деңгээлинде өскөн бала болчу. Аяш атам Жумакадыр, Сапарды ак сөөк, ак кол, айыл турмушунан алыс кылып өстүргөн. Буга Сапардын айыл-чарбасын өнүктүрө албагандыгы далил болду. Экинчиден Сапардын айланасы чоң иштерди кылабыз деген алдоо менен досумду тарых жолунан тайгалантты. Карасаңар бул “40” деген сан кыргызда жакшы жөрөлгө эмес. Элдин башына иш түшүп турганда “40 чоро”, “40 кыз” деген сыяктуу топ болгон, ошондой эле, адамдын көзү өткөндө “кыркылык” өткөрүп келген. Бул сандык тандоо башынан туура эмес болуп калды. Ошого ичим ачышат. Жакшы сан катары же алына ченеп деле, “21” санын алса, бул деле көптүк кылмак. Анткени, кан менен келген УӨ мүчөлөрүнөн деле эл мынчалык “40 кадам” күткөн эмес. Үмүтү өчүп бараткан эл Убактылуу Өкмөттүн 10 эле кадам күткөн.

--Сапар досуңузду келечекте эмне күтүп турат?

--Буга чейин дагы Кыргызстандын тарыхында көптөгөн адамдар Өкмөт башкарып, элдин жашоосун оңдодук деп жеке кыялданып келгени менен карапайым эле өз арабасын өзү сүйрөп келе жатат. Сапар, эгер коом арасында тазамын десе, акмын десе Жантөрө Сатыбалдиевдей “камасаңар дайынмын жана кетирген кемчиликтеримди мойнума алам”, деп актанбастан 20-апрелде 7 дубан биримдиги чогулуп аткан элдик жыйынга келип, курун мойнуна асынып кыргыз элинен чөгөлөп кечирим сурап, качпастан тергөөгө барышы керек.

--Өкмөт башчылыкка ким келиши мүмкүн?

--Бүгүнкү күндө Өкмөт башчы болуудан баардыгы эле ойлонуу менен бул кызматка барат. Себеби, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун унчукпай тымызын жүргүзүп жаткан саясаты колдоого алынып жатат. Бир чети президенттин бул кадамы өтө жакшы – бир чети өтө коркунучтуу. Анткени ар бир аткаминер, эртең эмне болуп кетет экен деген ойдо болот. Ошол эле учурда, чалмакейи чалынган Өкмөт башчылыкка эки жүздүү, куйтуланбаган чыныгы кыргыздын чыгаан жигитимин деген гана эр азаматы бара алат. Бул жолку Сооронбай Шариповичдин жана элдин күткөнү “Лондон-Парижди сүйлөбөгөн, Шаршенбек агамдай акчалуу эмес, чыныгы айыл-чарбасын түшүнгөн, кыргыз элине ак жолтой Өкмөт келсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости