www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров менен жолугушту. Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому боюнча өз позициясын билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аталган маселени Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.

Последние новости