www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Менин жубайым көп жыл болду, мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук иштерин жасап келет», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилинде жакындары тарабынан калкка жардам көрсөтүү тууралуу берилген суроого жооп берип жатып.

Президент бирок, жубайынын жардам берип жатканын жардам алган кишилер билбей турганын кошумчалады.

«Оң колуң бергенди сол колуң билбесин» деген принцип менен иштеп келе жатат. Азыр деле үй-бүлөбүздүн мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол кайрымдуулук иштерди улантат», - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Бул тууралуу президент.кж сайты жазып чыкты.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кызы тууралуу маалыматты да тактай кетти. «Славян университетинин финансы факультетин бүткөн. Ал медик эмес. Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө», - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болоруна да токтолду.

«Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Кайрымдуулук иштерин деле тынч улантып жатат. Аны токтотпойт деп ойлойм», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости