www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачындар болот. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

26-июль күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35;

Бишкек шаарында түнкүсүн 19...21, күндүз 33...35 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости