www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арзан аң-сезим турмушта кымбат турат

Дүйнө башка жагына айланды–демек жаңы талаптар жана эрежелер келди. Эгер муну кимдир бирөөлөр байкабаса, анда ал анын көйгөйү. Биздин саясатчылар, окумуштуулар сөз жок көрүшпөйт жана түшүнүшпөйт. Дүйнө өзгөрүлө баштады, ал эми «коронавирус» пандемиясынан соң эч ким тааныбагандай өзгөрүлөт, жана биз мурун кандай жашасак ошондой эми жашабай калабыз. Кээде өткөн мезгилдерди  сагынган учурлар болот, бирок убакыт сагынууга мүмкүндүк бербейт. Чабал звенолор жулунат жана жок болушат. Жаңы чындык – көнүш үчүн жаңы эрежелерди жана жаңы талаптарды орнотот.

Башкаларды үмтөтүп кароо (чет мамлекеттеги стратегиялык өнөктөштөрдү, эл аралык донорлорду) мындан ары болбойт, бардыгы өзү менен өзү калтырылат.  Ким ушундай шарттарга көнүп кетүүгө шарты болсо жашап кетет. Биздин барыбызды «эч ким жашабаган аралга» таштап салышты, биз эми ал жерде жашашыбыз керек, жаңыча бири-бирибиз менен болгон мамилелерди куруп жана бийлик системасында башкаруу менен мамилелерди жаңыча өзгөртүшүбүз керек.

Тамактануубузду жана элибиздин бардык турмуш шартына туура келген системанын барын башкача системада курушубуз керек. Бардыгы жаңыча болот, бирок адеп ахлактардын жана абийирдин баалуулуктарына ширелишкен үрп-адаттар жана каада –салттар калат, жана алар бизди жок болуудан сактап кала турган бирден –бир себептерден болот. Барыбызга белгилүү, мамлекеттик эрежелер ар дайым өзгөрүп турат, ошондуктан аларды дайыма «жаңы» деп эсептешет, ал эми каада-салт жана үрп-адаттар –түбөлүктүү, алар миң жылдап ата-бабаларды сактап келген, эми бизди да сактап калат. Трафарет менен шаблонго айланышып, бизди жок болууга жетелеп бараткан эскиче көз караштар, стандарттар иштебей калат. Бийликтин жана мамлекетти башкаруунун бардык эски системасы таштандыга ыргытылат. Көпчүлүк окумуштуулардын эмгектери талап кылынбай калат же кайрадан жазылат. Көпчүлүк илимий «талмуддар» унитазга кетет.

Тарыхтын тар жолунда, мындайлар бизде көп болгон, айрыкча эгемендүүлүктү алып жатып, жол издөөдө, биз тандаган жокпуз, бизди эл аралык «достор», биздин «саясий лидерлердин» жардамы менен жалган, жок болуп кете турган жолго түртүп кийиришкен. Биздин ар бир башкаруучубуз  өжөрлүк менен «өнүгүүнү ойлоп» ушул жалган жол менен  бизди жетелеп алган. Азыркы күндө бийлик да, оппозиция да, жарандык коом да ушул жалган жолдо жүрүшөт. Биз барыбыз бир чыйырдабыз – либерализмдин чириген чыйырындабыз. Ошондуктан бийликтен да, ошол сыяктуу эле оппозициядан да жакшы нерсени күтүүгө болбойт. Элдин турмуш-шартын оңдой турган, адекваттуу программа сунуш кылган жок дегенде бир саясий партияны көрсөткүлөчү.

Алардын программаларынын бары биринен-бири көчүрүп алган шаблондор: «инвестиция тартып келебиз, коррупция менен күрөшөбүз», анан «реалдуу» деген сын атооч колдонулат. Дагы эмне? Энергетиканы, туризмди өнүктүрөбүз, айлык акыны жана пенсияны көбөйтөбүз. Болду, андан ары мээлери деле жетпейт. Бардык партиялар хордо тизилип тургансып бир гана нерсени айтып турушат. Кээ бир партиялар башкача оргиналдуу көрүнгүсү келет, бирок шайлоо убагында эле, болбосо алардын Юстиция Министрлигинде  каттоодон өткөндө тапшырылган программалары бири-бирине коендой окшош.

Принцип боюнча биздин активдүү көпчүлүк күнөөлүү, демократияны кабыл алышып, колдогондуктары үчүн. Бардык тармак «демократияланышкан». Биз деги эмнени каалайбыз, бизди жок кыла турган нерселерди колдойбуз да, анан бийликти күнөөлөп, бардык нерсе жаман деп жатабыз. Бул фаталдуулук. Мындай системада жок болуп кетүү күтүлүп турат. Нобель сыйлыгын уюштурган  Альфред Нобель минтип айтыптыр: «Демократия – бул шүмшүктөр жетектеген көк мээлердин үйүрү» -деп.

Биз барыбыз туңгуюктабыз, барыбызга белгилүү, туңгуюктан чыгыштын жолу бир – артка кайрылып жана ишенимдүү жолго түшүү. Ал эми биздин «ой жоруучу-серепчилердин» арасында ким кайсы жерден жаңылганыбызды жана кантип туура жолго түшөөрүбүздү айта алат. Алар жок. Биздин билим берүү менен илимибиздин өнүгүшүү да ошол эле «жалган жолдо», ошондуктан бизге ишенимдүү жолду айтып бере турган окумуштуулар деле жок.  Жаңы саясат тууралуу сүйлөштүн да кереги жок. Муну билгендер мектеп партасынан же студенттик аудиториядан өз алдынча даярданып келген адамдар. Алар миңдин бири. Мээ баа жеткис жана бирден-бир товар. Аларды издегиле, чакырып башкаруунун рычагдарын бергиле, алар мамлекетти баткактан сууруп чыгат. Бирок мындай болбойт, силер өзүңөрдүн жылуу орундардан жылгыңар келбейт, ал эми акылдуулар болсо бир гана «проблема» жаратат. Эгер өлкөнү жогото турган болсок, силерди тойгузуп жаткан жылуу креслоңор жана кызматыңар да жок болорун билгиле. Жок дегенде мээңерди бир–аз иштетип жана силердин креслоңорду сактап калууну көздөгөн мээси бар адамдар тууралуу жакшылап ойлонсоңор, алар өлкөбүздү көтөрө баштаар менен, анын түшүмүн силер гана жыйнайсыңар.

Мен айттым эле боло турган нерселердин логикасы болжолдогондордун логикасынан артык деп. Атамбаев жана анын тарапташтары ( С.Исаков,  Ф.Ниязов, А. Ибраимов жана башкалар) ушундай кырдаалдарга түшүп каларын убагында божомолдоду беле? 1917-жылдагы Октябрь революциясы ишке ашкан соң  бардык падышалык элита (дворяндар, офицерлер, чиркөө кызматкерлери) Совет бийлигинин алдында жашагысы келди беле? Булар башка нерселерди божомолдошкон, бирок боло турган нерсе башка жерге алып барды. Биз башка чындыкка кирип братабыз, ким түшүнгөн болсо. Көпчүлүк сокурлукка жетеленип, мурункудай жашайбыз деп үмүт кылып турат. Жок. Бул тууралуу унутуш керек, биз мындан ары да насыя жана гранттарды алып, экономиканы инвестицияларды тартуу жолу менен өнүктүрүп кетебиз дегенди. Жок, бул доордун күнү бүттү. Ушул күнгө чейин биздин алып келгенибиз – бул акыркы тамчылар жана ал жерлерде да акча иштеп табууну көздөгөндөр болгондуктан, берип келишкен. Бүгүнкү күндүн модалык брэндине айланган, коррупция менен күрөшөбүз дегенди унуткула.  Бардыгы алмашат бийликтин модели да, жана экономиканын жана социалдык чөйрөнүн. Бир гана түбөлүктүү улуттук сезимге, адеп-ахлакка, этикага багытталган маданият кала берет. Чыгармачылык калат. Бардык башкаларын роботтор менен жасалма интеллект алмаштырат. 

30 жыл реформа менен алышып келгенибиз менен жыйынтыгында бардыгын жок кылдык. «Реформа» деген кайсы тармакка барса да, кайсы тармакты сыйпап өтсө да  - кайсап кетти. «Реформа» деген түшүнүк «ре» (өзгөрүү) жана  «форма» дген сөздөрдөн туруп, формасын өзгөртүү деген маанини түшүндүрөт. Мисалы, «реорганизация» - уюмду өзгөртүү, «реконструкция» - конструкциясын өзгөртүү жана башка. Бизге формасын өзгөртүүнүн кереги жок, формасын эмес манисин, маңызын, мазмунун, табиятын өзгөртүшүбүз керек. Мындайча айтканда түп-тамырынан бери дүйнөгө көз карашын баалуулуктар шкаласын, мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүндөгү системасын өзгөртүшүбүз керек. Азыркы мезгилде демократиялаштырабыз деген шылтоо менен Кыргызстанды талкалап жок кылып жаткан реформаларды токтотушубуз керек. Демократия — бул бир гана идея, бирок факт эмес, ал жерде, эч бир мамлекетте жок, болгон да эмес. Кимдир бирөө көп деңгээлде, кимдир бирөө аз деңгээлде либералдык баалуулуктар жана стандарттар орун алган мамлекеттер бар –ал жерлерде бир гана бүлүнүү жана ойрон болуудан башка эч нерсе жок.

Этикалык мамлекет куруунун доору келатат. Жаңы–бул унутулган эскилер. Биз менен түбөлүккө кала турган баалуулуктар – үрп-адат, каада –салт, адеп-ахлактык мораль. Улуттук жана үй –бүлөлүк турмуштун этикалык эрежеси калат.

Азыркы заманбап иликтөөчүлөрдүн бири  В. Шемшук, жазыптыр: «Адам канчалык моралдуу болсо, ошончолук таланттуу. Адам сыймык менен өзүн Homo sapiens (Акылдуу адам) атаган, акыл –эс мораль жок болсо өлүк, өлүктү ким жаратат эле?  Мораль жок акыл-эс отун чаап атабы же адамдын башын кыйып жатабы бары бир болгон балтага окшош. Аморалдуу адамдар хаос жана бүлүнтүү үчүн гана жаралган,  алардын колуна мамлекеттик башкаруунун тизгини тийе турган болсо абдан коркунучтуу: алар миллиондогон адамдардын турмушу менен оюнчук сымал ойногусу келишет. Биз азыр Адамзат мораль акыл–эстин үстүнөн карай турган чекке жеттик, ушул чектен өткөн соң, адам өзүн-өзү Homo Moralis деп атоого толук укугу бар. Мораль цивилизациянын жетишкендиктеринин деңгээлин чагылдырат. Бүгүн саясат менен профессионалдуулар алектенсин деп жатабыз, мисалы юристтер. Бирок саясат үчүн юридикалык, тарыхий жана экономикалык билимдин деле кереги жок. Башкысы ал үчүн – моралды сактаган адам болуш керек, ал башкалар суктанган жана аны турагысы келген адам болуш керек, бул билимдин «азык-түлүгү» эмес, тарбиянын жыйынтыгы!»

Чынгыз хандын мамлекети үч жүз жыл өмүр сүргөнүнүн себеби, этикалык нормаларга таянган. Бүгүнкү күндө да этиканын беш башкы эрежеси түбөлүккө  фундаменталдуу жана актуалдуу экени көрүнүп турат. Булар төмөнкү принциптер: материалдуулуктан акыл–эс өйдө турат, жекеден коомдук жогору турат, менчиктен бийлик өйдө турат, ээлеп алгандан кызмат кылуу өйдө жана  акыйкатчылдык мыйзамдан өйдө. Ушул принциптер бизге азыр жетишпей турат. Мыйзамдарды пачкалап жазып, кабыл алып жатабыз, ал эми пайдасы деле жок.  

Баалуулуктар тууралуу маселе жогоруда айтылгандай, калганы кеп деле эмес, инвестиция тартуу, коррупция менен күрөшүү, экономика, билим берүү жана медицинаны көтөрүү жана башкалар. Адеп-ахлактык маселелерди чечмейин, бардыгы курулай кыйкыруу. 

Биз саясаттан да, экономикадан да жана башка бардык тармактардан бардык күчүбүздү мобилизациялап, коомубуз адеп-ахлактык кайра жаралууга барбасак ордубуздан карыш да жылбайбыз.  Азыркы жана мурдагы өкмөттүн экономиканы көтөрүү жана өнүктүрүү боюнча көргөн чараларынын бары, башынан эле ийгиликсиз болуп жатканынын себеби, анткени кооз цифралардын артында коркунучтуу ойлор жашынып турат. Биздин биринчи кезектеги маселебиз: бардык коомдук, мамлекеттик жана жеке турмушубузду адеп–ахлактуулукка каратышыбыз керек.

Экономика да, саясат да, мыйзамдуулук да, башкаруу да, илим да, билим берүү да мындайча айтканда бардык чөйрө адеп-ахлактуулукка карата багытталууга тийиш. Бул азыр кездеги номер биринчи маселе. Элибизге жана коомубузга адеп–ахлактуулук жактан кайра жаралуу революциясы керек. Максат керек, ар бир жарандын жаңы эски баалуулуктар  жана идеалдардын чагылдырып, коом жана мамлекеттин кызыкчылыгы менен, биримдикке, тилектештикке, акыйкатчылыкка, эмгек сүйүүчүлүккө дал келиши керек.  Ушул баалуулуктун бары негизги мыйзамда бекитилген болса жакшы болмок. Тилекке каршы, иштеп жаткан Башмыйзам азыркы заманбап болуп жаткан талаптарга жооп бербейт. Ал өнүгүү үчүн багытталган эмес. Анда бирдиктүү максат, бирдиктүү багыт, мотив жок, баалуулуктар жок жана позитивдүү өнүгүү үчүн идея жок.

Саясатта мораль жок, маданиятта да, экономикада да, бизнесте да аны жок кылышкан.Бардык көчөдөгү тамактар улутту жок кылып бара жатат -бул геноцид. Ушунун барын биз өз колдорубуз, өз мээлерибиз менен жасап жатабыз. Аракты көзөмөл жок чыгарып жатабыз, мындан «коронавирустук» жана башка вирус менен ажал тапкандарга караганда көптөгөн адамдар ажал таап жатат. Бургерлер менен шаурмаларды колдонуу - онкологиялык ооруканаларга түздөн-түз жол. Балдарга сүт менен булочка, конфет менен кант, чипсы менен кока-кола берип жатабыз – бул да ата-энелери тарабынан балдарына көрсөткөн геноцид. Мунун бары элге каршы жасалган рыноктук мамиле. Анан эмне кылабыз, эгер суроо-талап сунушту жаратып жатса, бул да адамзат барып туш болгон либералдык тузактын бири. Баңги заттар да суроо-талапты жаратып жатат. Бул эң жаман көрүнүш. Биз барыбыз тең башыбызды кумга тыгып алган төө куштардай сыяктуубуз. Ушуга карабай порошоктон сүт жана арак чыгарышкан биздин мыкты деп эсептелген бизнесмендер, бийликти мыкчып отурушуп, элге акыл үйрөтүп жатышат. Бул саясий вирус, коронавирус жана башка дарттардан коркунучтуу турган.

Маданиятта биз барыбыз «мыркаларга» айландык, анткени «накта искусство» делген жылаңач аялдарды түшүнбөйбүз. Бизди сыйлабай да калышты, анткени биз өз жүзүбүздү жоготтук жана тышкы түрүбүз, пакистандыктар кийип жүргөндөрдөн айырмасы болбой калды.

Мунун бары биздин дүйнөгө болгон көз карашыбыз. Ал эми мамлекетти башкаруу мамилелерине келсек, саясий жетекчилигибиз масштабдуу ой жүгүрткөн адамдардын болушу маанилүү. Биздин саясий партиялардын лидерлерин карап отуруп үшкүрөбүз, алар эскирип бүтүп, көйгөй жаратпай калган нерселерди да үйрөнө алышкан жок.

Биз батышта али өзү ченеп көрө элек, окуп үйрөнө элек нерселерди алып, пайдалана койгонго машпыз, ал эми батышта мындай концепциялар жана стандарттардан баш тартып жатышат. Биз демократияны куруп үлгүргөн жокпуз, биз вирустарды гана койо бердик, ал болсо бардык дүйнөдө зыянкеч катары кемирип жок кылып жатат. Биз дайыма модадан чыгып калган «жаңы модалуу көйнөктүн" артынан чуркап жүрүп көнүп калдык.

Масштабдуу ой жүгүрткөнгө мисал  катары  И.Сталинди түшүнсөк болот, 1945-жылы февралда Ялтадагы конференцияда, У.Черчилл жана Ф.Рузвельт менен сүйлөшүү үчүн столго отуруп, алардан: «Айды кантип бөлөбүз?» - деп сураптыр. Анын ойлонуу масштабы Жер шарына сыйбай, Айга өтүп кеткен, ал эми бизде болсо айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги масштабда ой жүгүрткөн саясатчылар мамлекетти башкарып отурушат.

Мен жазып кеттим, учурда масштабдуу, планетарлуу, стратегиялуу ой жүгүрткөн адамдарды издеп, өлкөбүз ошого басым жасоо маанилүү. Бизде чындыгын айтканда атка минерлер арасында мамлекеттик масштабда ой жүгүрткөн адамдар жок. Адамдар өзүнүн ой жүгүртүүсү боюнча ар кандай масштабдагы адамдарга бөлүнөт: өзүн ойлогон, үй-бүлөсүн, айылын, шаарды, областты, мамлекетти, планетаны. Кээ бир инсандар ой жүгүртүү масштабы боюнча ал эмес өз маселелерин чече албайт, үй-бүлөсүн, же андан жогорураак нерселерди айтпай эле койолу. Масштабдын ага реалдуулугу жок, ал андан кандайдыр бир проблеманы көрүп тургандан эмес, себеби масштаб эмне экенин деле биле бербейт. Кээ бир адамдар бар өзүнүн билиминин тегерегинде гана ой жүгүртө алган, андан башкасынын бары ага караңгы. Бул жакшы эмес жана жаман, бул ой жүгүртүүнүн масштабы, бул анын маңдайына жазылган. Бирок мындай адамдар мамлекеттин иши эмес, өзүнүн иши менен алек болуш керек. Эгер ал балдардын тарбиячысынын деңгээлинде ой жүгүртсө анын орду ошол жакта. Бир гана нерсени эске түйүү керек, ой жүгүртүүнүн масштабы мейкиндик менен гана байланышкан эмес, мезгил менен да байланыштуу, ошондуктан кээ бирөө эртең эмне болорун билбейт, билгиси да келбейт, кээ бирөө кылым алдыны, ал эмес миң жыл алдыны ойлошот.

Ошондуктан, адамдар дайыма ошол ишке болгон билимине таянбастан, өзүнүн ой жүгүртүү масштабына таянышат. Масштабдуу ой жүгүрткөн адамдар чындыгында жокко эсе. Негизги масса — жөнөкөй, карапайым адамдар. Алар, ой жүгүртүү масштабы боюнча – бала сыяктуу, эгер чоочун адам анын оюнчугун алып койсо көпкө кайгы тартат. Эгерде адамдын уюн уурдап кетсе, анда ага чоң кайгы. Бирок, мамлекетти талап-тоноп жатса, ал көңүл да буруп койбойт, анткени анын кабыл алуусунда тиешеси жок, ага бары бир.

Эл ар кандай дегээлдеги атка минерлердин сабатсыздыгынан жана ач көздүгүнөн чарчашты. Булар атка минерлер эмес, элинин ден соолугуна абдан чоң зыян алып келип жаткан мамлекеттин вирустары. Коронавирус менен пневмониядан акыркы жумаларда көз жумгандардын саны, атка минерлердин сабатсыздыгы жана ач көздүгү менен пропорционалдуу, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин атка минерлери бар, ушул күнгө чейин туура дарылоонун жолдорун таппай келатышат. Чынында, арзан медицина эл үчүн кымбатка туруп жатат.

Сөздүн аягында тарых жана география боюнча. Мүмкүн, башка реалдуу реалдуулук – бизди өзүнө алып, курамына кошуп жана бизди башкарат. Бул тууралуу улам катуу кыйкыра берсе болот: СССР -2 кайра жаралабы, Улуу Евразиябы же Үчүнчү ордобу?  Өзүбүздүн географиялык абалыбыз боюнча биз кандай күчкө ээбиз жана тарых улам кайталанып тургандыктан кайрадан чоң мамлекеттин курамына кирип калышыбыз ыктымал. Балким жакшы болор?  Кайрадан элдердин үй–бүлөсүндө бир бир туугандын ролунда болуп калабыз. Биздин улуу агабыз, улуу эжебиз болуп калат, бардык жоопкерчиликти аларга жүктөйбүз.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

 

 

Последние новости