www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам республикадагы экологиялык жана экономикалык абалды жакшыртуу, отунду импорттого болгон көз карандуулукту төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасында биоэтанолду өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мамлекеттик саясатынын принциптерин жана укуктук негиздерин белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости