www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына сапарларын улантууда. Бүгүн, 6-февралда, Мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Чүй облусуна барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.

Ички миграция маселелерине, өлкөнүн инвестициялык климатын, жер-жерлерде бизнес ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу, кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларына, соода-логистикалык борборлоруна, машина-трактордук станцияларына жана жеңил өнөр жай ишканаларына салык жагынан жеңилдиктерди берүү чараларына кеңири токтолду.

Президент жергиликтүү элдин аймактардагы жерди трансформациялоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо системаларын реформалоо, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана башка бир катар суроолоруна жооп берди.

Үч сааттан ашык убакытка созулган Президент менен жолугушууда райондун жашоочуларынын суроолоруна тиешелүү министрликтердин жана  мекемелердин жетекчилери да жооп беришти.

Мамлекет башчысы Аламүдүн районунун үлгүлүү Лебединовка айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине санариптештирүүнү киргизүүнүн жүрүшү менен таанышып, «Санарип Кыргызстан» платформасынын алкагында ушул тажрыйбаны бүт өлкөгө жайылтуунун маанисин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков «Кант-Сүт» ЖЧКсы сүт иштетүүчү ишканасы жана «Три Т» ЖЧКсынын асыл тукум канаттуулар заводунун ишмердиги менен таанышты. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости