www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргызстандык Стамбулда мамлекеттик ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу 6-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, экөөнүн тең абалы туруктуу. Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, ал-абалын көрүштү.

«Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө 24 саат болушат, андан кийин ооруканада калтыруу же чыгаруу маселеси чечилет», деп билдирди министрлик.

Бул арада учак кырсыгынан өлгөндөрдүн саны үч кишиге жетти. Маалыматты Түркия Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Лайнердин эки учкучунун абалы оор.

5-февралда Стамбулдун «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунда «Pegasus Airlines» компаниясынын Измир-Стамбул каттамы боюнча учуп келген лайнери конуучу тилкеден чыгып кеткен. Ичиндеги 177 жүргүнчүнүн 130у жабыркаган.

Последние новости