www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал, мамлекеттик органдардын экономикалык терс кесепеттерди азайтуу жана аны жеңип чыгуу жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле постпандемиялык мезгилге биринчи кезектеги пландар боюнча пикир алышуу болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы чаралар планын ишке ашыруу, өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча Өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Эпидемиологиялык кырдаалга жана илдетти жугузуу боюнча жаңы учурларга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүп, оорудан айыгып чыкандардын тенденциясы байкалып жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун ар кандай варианттары каралышы керектигин айтты.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы, өзгөчө инфекция менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы зарылдыгына көңүл бурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости