www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыймык Бейшекеев:

Атактуу ырчы Сыймык Бейшекеев Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына: "Сүйүнчү! Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас балканактай уулдуу болуп, атын Элмирбек койду", - деп, сүйүнчүлөп жазып чыкты.

"Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас үкөбүз балканактай уулдуу болду. Уулунун атын "эл сүйгөн Элмирбек атасындай болсун" деп, ырымдап ЭЛМИРБЕК койду. 

Манас үкөм мага телефон чалып, сүйүнчү айтып:

-"Аке, атын Элмирбек деп койсом кандай дейсиз?", - дейт.

Алгач "сүйүнчү! уулдуу болдум" дегенде, эмнегедир атын Элмирбек койсо деген ой учкуну жылт дей түштү эле. Ойлорубуз шайкеш келгенине абдан кубандым. Азиза Анарбаева жеңе, небере кут болсун! Өмүрлүү бактылуу, баталуу уул болуп өссүн, кызыр жылоосунда болуп, Элмирбек атасындай калкка кадыры сиңген элдин уулу болсун! Оомийин", - деп Сыймык Бейшекеев жазган.

Белгилей кетсек, көп тойлордун көркүн ачкан тамада, белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов 1993-жылы 27-февралда Ош областынын Ноокат районунда туулган. Бүбүсара Бейшеналиев атындагы искусство жана маданият университетин аяктаган. 2017-жылы 4 жыл сүйлөшүп жүргөн Алина Боконбаева аттуу кызга баш кошкон. Учурда экинчи ирет ата-эне деген статуска ээ болуп турган кездери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости