www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Немец окумуштуулары кандай адамдарда CoViD-19га каршы иммунитет болуусу мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мурун коронавирустун ар кандай түрүн жуктуруп алган адамдарда жаңы чыккан CoViD-19га каршы иммунитет болуусу мүмкүн. Окумуштуулар жаңы вирус менен ооругандардын жана оорубаган адамдардын Т-клеткаларын изилдешкен.

"Адамдардан Т-клеткалары пандемияга чейин алынган. Бирок алардын 34 пайызында SARS-CoV-2 вирусу менен эч кандай контакт болгонуна карабастан, Т-клеткалар реактивдүү болгону аныкталган", - дейт вирусолог Кристиан Дростен.

Ошондой эле, вирусолог аталган жыйынтыктар адамдар мурун коронавирус чакырган ар кандай илдет менен ооруганы тууралуу кабар берерин айткан.

Окумуштуулар бул жыйынтыктар менен кандайдыр бир бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес экендигин жана жер жүзүндөгү адамдардын үчтөн бир бөлүгүнүн жаңы коронавируска каршы антителалары жок экендигин кошумчалашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости