www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Жоробеков:

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча  сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча маалымат берди.

"2020-жылдын 24-апрелинен 25-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 19 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2244 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Сузак районунан – 21 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 33 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 107 автоунаа айып аянтчасына коюлган", - деп Жеңиш Жоробеков айтты.

Брифинг учурунда милиция кызматкерлери туурасында видеотасма боюнча берилген суроого, "Калптын казаны кайнабайт" - демекчи, баары ачыкка чыкты, бул атайын бирөөнүн буйрутмасы менен тартылган, чындыкка дал келбейт, учурда бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат деп билдирди.

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырып өттү.

Ошону менен катар, “Ынтымак бар жерге ырыс уялайт» демекчи, илдеттин алдын алып үйдө болуп, ынтымакта, ырыскы, дөөлөт менен үй-бүлөгө кам көрүүгө жана сабырдуулукка үндөп кетемин" ,-  деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости