www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык штабдын жыйыны өттү

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берди. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аймактардагы обсервациялык пункттардын даярдыгы тууралуу айтты. 

Жыйын жүрүшүндө коронавируска чалдыккандарды кыдырып аныктоо максатында Бишкектин айланасындагы конуштардын, ошондой эле вирус чыгып жаткан өлкө аймактарындагы айрым калктуу конуштарынын тургундарын текшерүүдөн өткөрүү маселеси талкууланды. 

«Илдетти жугузган айрым райондордун аймагындагы үймө-үй кыдыруу, тургундардын саламаттыгын текшерүү иши уюштурулган түрдө сапаттуу жана ыкчам өткөрүлүшү керек. Мобилдик бригадалар иштин бул баскычына даяр болуусу шарт», - деди Кыргыз Республикасынын биринчи   вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана жоопкер кызматтарга медициналык кызматкерлердин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жыйын соңунда үй карантини, облустардагы мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү маселесине тийиштүү бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости