www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ашхабадда түртүрүлгөн турак жайлардын ордуна президенттин чоң атасы Бердымухамед Аннаев атындагы адистештирилген аскер мектеби курулат. Бул тууралуу “Түркмөнстан бүгүн” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.
Коргоо министрлигине түркиялык Rönesans Endüstri Tesisleri Inşaat Sanayi ve Ticaret A.Ş. компаниясы менен 700 орунду аскер мектебин куруу боюнча келишим түзүүгө уруксат берилди. Курулуш 2022-жылы январда башталып, 2024-жылы августта бүтөрү күтүлүүдө.
Ал эми жаңы аскер мектеби Сапармурат Түркмөнбашы жана Атамурат Ниязов көчөлөрүнүн кесилишинде куралат. Басылма бул жердеги түрттүрүлгөн үйлөрдүн жашоочулары алар үчүн жаңы турак жай салынганга чейин батирлеп жүрүүгө мажбур болорун белгилеген.
Эскек салсак, 2009-жылы Бердымухамедовдун чоң атасынын аты Ахал облусундагы Ызгант айлындагы орто мектепке ыйгарылган.
Булак: NazarNews.kg