www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Канышай айым, жолдошуңуз Жеңиш Молдокматов мырза менен акыркы жолу качан жолуктуңуз жана эмне жөнүндө сүйлөшө алдыңыздар?

-- Саясый туткун, жолдошум Жеңиш Молдокматов менен ооруканага которулганда гана жолугуп сүйлөшкөм, андан бери эч кандай байланышыбыз жок. Адвокаты, тарапташы Эрлан Бекчороевдон гана маалымат алып, билип турам.

Жолукканда элжери үчүн бекем туруп, эркиндигинен айрылганын айтып, үйбүлөсүнө майтарылбай турушун баса белгилеген. Жолдошумдун бул сөздөрү бизди огобетер чыйралтты!

-- "Жеңиш Молдокматов кайсы күнөөсү үчүн камакта?" деген коомчулукта түкшүмөл ойлор бар, ушу жагын түшүндүрмө берип кетесизби?

-- Саясаттан негизи аябай алыс болчумун. Аралашчу эмесмин. Кийинки күндөрү саясый окуяларга тыкыр көңүл буруп калдым. Жолдошум Жеңиш Молдокматов көп жылдар мурун дагы ЖетимТоо, Солтон-Сары боюнча бекем туруп, элдин ырыскысын уурдатпаганга чоң салым кошкон.

Азыркы камалышы дагы дал ошондой. Бийликтин бир колго өтүп кетишине, Кемпир-Абад Өзбекстанга, Жетим-Тоо Кытайларга берилип кетишине Тилекмат экөө бекем турганы үчүн камакта. Ошондой эле Камбар-Ата–I ГЭСин коңшу өлкөлөр (Өзбекстан, Казакстан) менен курууга караманча каршы турган.

Алдыда айтып өткөндөр мамлекет үчүн маанилүү стратегиялык негизги объектилер экенин байма-бай билдирип келди. Чындыкты ачык айтканы акыры абакка киргизди.

-- Бийликтегилерге кайрылып көрдүңүздөрбү?

-- Бийликтегилерге жубайы катары кайрылгам. Анткени эки кичинекей бала менен жалгыз калуу канча айткан менен мен үчүн оор. Ошондуктан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кирип чыккам. Ал жардам бере турганын айткан.

Бирок чыгарышкан жок, далилсиз бүгүнкү күнгө чейин түрмөдө кармап жатышат. Интернет тармагы менен дагы кайрылдым, эне катары эскерттим! Дүйнөлүк практикада дагы чиренген бийликтер болгон, бирок жыйынтыгы алар ойлогондой бүткөн эмес.

Тескерисинче, арты кыйынчылык менен бүттү. Мен деле азыркы бийлик башындагыларга ушуну эне катары эскерттим. Тарых өз баасын берет, тарых кайталанат, Жаратканым таразалайт!

Булак: Азия News гезити

Последние новости