www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы салтанаттуу маанайда чогулгандардын баарын келе жаткан майрам - өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.

"Ала-Тообузга, Ата Мекенибизге байланыштуу ыйык сезимдерибиз керемет ыр саптарына айланган. Мамлекеттик символубуз болгон гимн дагы ак мөңгүлүү аска-зоолуу Ата Мекенибиз менен башталат. Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган “Кыргыз жери” ыры да кыргыз жеринин табиятына суктануу сөздөрү менен башталат. Алыста жүрүп, мекенин сагынган мекендештерибиздин жүрөгүндө, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган чоң майрамдарда ар дайым ушул ыр саптары жаңырып турат", - деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчы ушул саптарды жараткан кайталангыс талант Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата министрлер кабинетинин 2023-жылы республикалык деңгээлде өтүүчү мааракелик иш-чаралар тизмесине кирген бир катар майрамдык иш-чаралар пландаштырылганын ырастады.

Садыр Жапаров 100 жылдык мааракенин алкагында Жалал-Абад шаарынын кире бериш бөлүгүндө орнотулган стелага акындын ысымы жазылып, шаардын жаңыдан реконструкциядан өткөрүлгөн борбордук көчөсүнө анын аты ыйгарылганын канааттануу менен белгиледи. Эми мындан ары Кыргызстандын үчүнчү ири шаары болгон Жалал-Абаддын негизи проспектиси Түмөнбай Байзаковдун ысымы менен аталат.

Ошол эле учурда президент жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлганын билдирди. Ал мындай кадам көрүнүктүү инсандын эмгегин баалоого, ошол эле учурда ысымын түбөлүккө сактоого багытталган туура чечим болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген.

"Өлкөбүздөгү чоң-чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу бөлүнүп берилип жатканын баса белгилей кетейин. Чындыгында эле шаар макамын алып жүргөн калктуу пункттарыбыз шаар деген атка татыктуу болушу зарыл. Бул суммага шаарда буга чейин болбогон ири курулуштар жүрүп, социалдык-экономикалык багыттагы ондон ашык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Азыр биз турган мына ушул көчө да жогоруда аталган каражаттын эсебинен жаңыланды. Мындан сырткары, учурда шаардын көптөгөн ички жолдорун оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоорго бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да камтылган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпаймын. Муну баары Жалал-Абад шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат", - деди Мамлекет башчы.

Президент ошондой эле жакынкы мезгилде калкынын саны жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абад шаарынын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.

"Өнүгүүнүн жаңы түйүнүнө айланып бара жаткан бул шаарда аталган 2 млрд сомдон сырткары, республикалык бюджеттен каржыланып жаткан курулуштар да арбын. Бүгүнкү күндө эң ири долбоорлордун бири катары шаардын чок ортосунда жайгашкан Жаза аткаруу мекемесин шаар сыртына которуу иштерин атасак болот. Алдыда Жалал-Абад аэропортун да шаар четине чыгарып, заманбап эл аралык аэропорт курууну көздөп жатабыз. Бул аракеттер биринчи кезекте калаа тургундарынын коопсуздугун, жайлуулугун камсыз кылат. Аталган объектилердин ордуна шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон жаңы имараттар түшөт", - деп белгиледи Жапаров.

Мамлекет башчы чогулгандардын алдында дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүштү: Борбор Азия чөлкөмүндө дүйнөлүк атагы бар “Барселона" футбол клубунун алгачкы академиясы Жалал-Абад шаарында ачылууда. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы маанилүү окуялардын бири.

Президент Садыр Жапаров жакынкы жылдары өлкөбүздүн башка шаарларына дагы дал ушундай багытта каражат бөлүнүп, көмөк көрсөтүлөт деп ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости