www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаров эртең Санкт-Петербургга барат

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-ммалекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости