www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте аймак башчылары митингге чыкты

Бишкекте 20дан ашык муниципиалдык аймак башчылары (МТУ) шаардык мэриянын алдына айлык-акыны көтөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. Алардын айтымында, бул маселени бир нече жылдан бери мэрияга айтып келишсе да, шаар бийлиги көңүл бурбай келет.

Акцияга чыккандардын бири, Биринчи Май районундагы №14 аймактын башчысы Болотбек Алибековдин айтымында, шаар бюджети каралып жатканда мэрия алардын талабын эске алышы керек.

“Азыр биз ашып кетсе 5 миң сомдон айлык алабыз, үй башчылары (домком) бизден да аз айлык алышат. Бул каражат кымбатчылык заманда эмнеге жетет? Буга чейин 2-3 жолу маселе көтөрүп, бирок майнап чыккан эмес. Андан сырткары бизди жыл сайын эмес, 4-5 жылда бир шайлагандай кылса жакшы болор эле. Ушул жума ичинде шаардык бюджетти кароого биздин маселебизди кошушун талап кылып жатабыз”, - деди Алибеков.

Акцияга чыккандар үч күндөн бери шаардык кеңештин төрагасы кабыл албай жатканын да айтышты.

Бишкекте 50гө жакын конуш бар, аларды 400дөн ашык ашык муниципиалдык аймак жана үй башчылары тейлейт. Бишкек шаардык казынасынан ар бир түтүн үчүн бул кызматкерлерге 16 сомдон 18 сомго чейин төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости