www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалды.

УКМК билдиргендей, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.

Т.Б.нын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилге негиз боло турган документтер табылган.

Эске салсак, буга чейин ушул окуяга байланыштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу районундагы филиалынын мурдагы жетекчилери Б.Б жана Ш.С., Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы И.Г., Нариман айыл аймагынын башчысы Н.Х. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл районундагы филиалынын убактылуу башсысы А.М.Ж. кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости