www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 3-февралда өлкөнүн жаңы Өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Анда Садыр Жапаров бүгүнкү күндүн биринчи кезектеги маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Анын негизгилери — мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана негизсиз бюрократияны жок кылуу милдети.

Президент Өкмөттүн антикризистик программасын кыска мөөнөттө иштеп чыгуу, ишкерлерге жана инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууну ташырды.

Белгилей кетсек, 3-февралда Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берди. Ага президент Садыр Жапаров да катышты.

Расмий түрдө ишке киришкен өкмөттүн курамы мурдагыга салыштырмалуу 22ден 16га кыскартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости