www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотуп, кечээ Ысык-Көлдөн кайтканын кабарлашты, Солтон-Сарыда чатак башталып, андан соң Кой-Ташта да күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышты.

Тилекке каршы, кадр саясатындагы чабалдыктын айынан жагымсыз көрүнүшкө туш болдук.

Бизге жеткен маалыматка караганда, президент Жээнбеков кадр саясатына өзгөчө көңүл бура турганын, бир топ жогорку чиновниктерди алмаштыра турганын эшиттик.

Ооба, чечкиндүү кадамдарга барып, жаңылануу багытына түшпөсө абал кыйын болору айкын. Бир жагынан Алмазбек Атамбаев баш оору жаратып, кооптуу кырдаалды түзүүгө баратса, экинчи өңүтүнөн саясый куугунтукка алынган коомдук ишмерлер, коррупцияга айыпталган жогорку чиновниктер көйгөйү жарга такашы мүмкүн. Ошого катар экономикалык, социалдык каатчылык кыйнай баштаса, эртең эле кышка даярдык көрүү машакаты да башталат. Жай саратанда эле кырдаал тынч болгон жок, ал эми сентябрдан тарта саясый чыңалуулар чегине жете турганы маалым. Ар кандай күчтөр кошул-ташыл болуу менен туруктуулукту бузууга, эл астында упай алууга далбасташат.

Кыскасы, өлкөнү тик туруп башкарууга мезгил келгенин СооронбаЙ Жээнбеков терең түшүнүп, иш жүзүндө өзгөрүүлөргө бара турган мезгил келгенин колдон чыгарбашы шарт, деп "АЗИЯnews" гезити өз пикирин коомчулуккажарыялаган.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости