www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине,
Жалпы кыргыз элине

К А Й Р Ы Л У У

Кыргызстандын мекенчил күчтөрү 2018-жылдын 11-майында “Тегерек үстөл” жыйынынын өткөрүп, ал жыйында Россия Федерациясынын жараны болгон Д.Н. Верхотуровдун “Атамбаевдин Кыргызстанга тийгизген көлөкөсү” атту китебин талкуулап чыгып, ал китепте 2010-жылдан 2017-жылга чейинки А.Ш.Атамбаевдин башкаруу мезгилинде Кыргызстандын электроэнергетикасы анын билдирүүсүндөгүдөй өнүкмөк тургай, кайра артка кетип, электр энергиясын өндүрүү көбөймөк түгүл азайып кеткендигин, электр энергиясын экспорттоо жана импорттоо маселери официалдуу билдирүүлөрдө туура эмес жана бурмалануу менен чагылдырылганын, коррупция гүлдөп өсүп, болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин, коррупция менен күрөшүү системалуу түрдө анын келип чыгуу негизи менен болбостон, Атамбаевдин жеке оппоненттерин гана жок кылууга багытталгандыгын, ал эми А.Ш. Атамбаев өзү коррупционерлердин кызыкчылыгы менен республика кызыкчылыгынын ортосунда өз тандоосун жасагандыктан, толук бойдон анын кесепетин Кыргызстан тартууга туура келээрин, кыргыздарга азыркы түзүлгөн абалдын олуттууулугун жана да Кыргызстандын алдында мурда эч качан болуп көрбөгөн катаал, масштабдуу коркунучтарды толугу менен жакшыраак түшүнүүгө жардамдашып, ал жүргүзгөн саясаттын, ал жасаган иш-аракеттер жана чечимдер көзгө ачык көрүнгөндө эле аны шермендечилик жана каргыш айтуулар күтүп турат, кыргыз эли ага чейин деле жашап келген, андан кийин деле жашай берээри шексиз, бирок ошол экономикалык катастрофанын бардык мүшкүлүн баштан өткөрүүгө кабылбоо үчүн, азыркы түзүлгөн кырдаалдын маңызын элдин жана жаңы бийликтин ачык түшүнүүсү талап кылынат дегенин, китепте көрсөтүлгөн фактыларда кылмыштын курамы бар экендигин эске алып жана жаңы Президент С.Ш.Жээнбеков бул китепте көрсөтүлгөн жана келе жаткан коркунучтардын алдын алышын каалап, атайын резолюция кабыл алды. 
Резолюция менен бирге Жогорку Кеңештен Кыргыз Республикасынын “Экс-президенттин статусу” жөнүндөгү мыйзамын кайра карап чыгып, жаңы өзгөртүүлөрдү кабыл алып, ал өзгөртүүлөр менен экс-президенттер оор жана өтө оор кылмыш кылганда кол тийбестик иммунитетинен ажыратылаары көрсөтүлүшүн талап кылды.
Президенттен жана Жогорку Кеңештен ушул резолюциянын талаптарын аткарууну талап кылабыз.

Жыйынды Төрагасы М.Ш.Чолпонбаев 
Жыйындын катчысы Б.С.Абдурасулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости