www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековго
Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн №41 үйүнүн жашоочусу Абдималикова Айнурадан эл. Почта:abdimalikova.ainura 1980 @mail.ru
К А Й Р Ы Л У У
Менин Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй:
Сизди Кыргыз элинин башчысы катары урматтап, шайлоочулардын конституциялык кепилдиктерин сактоочу гарант катары кайрыламын.
Аксы райондук сотунда жүрүп жаткан сот жүрүшү боюнча билдирип коюуну максат кылдым.
Себеби: Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304-ст. 2-б. 306-ст. 1-б., 304-ст. 2-б. 306-ст. 1-б. менен айыпталган Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы У. Зыябекова жана Кыргыз Республикасынын КЖКнын 189-ст. 315-ст. 1-б., 189-ст. менен айыпталган билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси М. Усупбаевдин кылмыш ишин кароо сотто негизсиз жылдырылып, 6 жолу же 03.05.18-ж.,04.05.18-ж. 11.05.18-ж., 23.05.18-ж., 25.05.18-ж. чейин жылып, соттолуучуларды бүгүнкү күнгө дейре коюлган айыбы боюнча сурабай алардан күнөөңдү мойнуна албайсында деген сөз менен гана чектелип келе жатат.
Сот ишинин создуктурууда ар кандай ишке тиешеси жок материалдар жана күбөлөр ишке тартылып, сотто калыстык пикир жоголуп мамлекеттин мүлкүнө кол салган адамдардын ишин жеңилдетүү же актоо аракеттери жасалып жатканы даана байкалып жатат.
Бул соттук көрүнүштөр менен мен жогорудагы айыпкерлердин коррупциялык иш аракеттери толук ашкереленип жаза аларына ынанбай калдым.
Ошондуктан Сизге бул сот ишинин адилеттуу жана күнөөккорлордун жасаган аракеттери толук сот тарабынан ашкереленип, коррупционерлердин жасаган аракетине мыйзамдуу баа беришин көзөмөлдөп, ишти карап жаткан соттун ишине терең баа берип коюну сурап кайрылат элем.
-Андан сырткары, ушул эле маселе менен "Аксыдан ачык кат", деп Сизге Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн депутаты Керимкулов Тилеген, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн мурдагы депутаттары Ызаканов Мамбеталы жана Турдубаев Мураттар кайрылышкан.
Бирок, мен бул депутаттардын аракетине карата мурда эле баа бергенимди билдиремин. Анткени, бул депутаттар өздөрүнүн алсыздыгын көрсөтүп, өз мезгилдеги бийликтин камчысынан коркуп жатышкан, эми гана Сиздин түздөн-түз коруппциялык аракеттерге каршы күрөшүүңүздүн жыйынтыгы менен жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын күтүп, ыңгайдан пайдаланып Сизге кат жазган бул депутат баатырлага ишеним коөрсөтпөөнү өтүнөмүн. Анткени, бул адамдар өздөрүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн гана ушул кадамга барган деп ойлоймун.
Алдын ала Сизге ырахматымды айта кетемин.
Кайрылуучу: Айнура Абдималикова
Байланыш: 0779 960 480
Булак: NazarNews.kg