www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болгон. «Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», - деди ал.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Чыгыш электр» ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 млн евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү – 3 жыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости