www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жергиликтүү коррупция менен күрөшүп, реформатор аталган
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору
Каныбек Чойтоев кимдерге душман аталды?
Быйылкы жылдын апрель, май айларында “Ачык саясат” гезитинин №15-16-сандарында кабарчы Баян Көлбаева бир нече ирет “Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Каныбек Чойтоев токой чарбанын элин экиге бөлүп мыйзамсыз иш аракеттерди жасап жатат” деген чуулгандуу макалаларды сандан санга, бет-бет кылып жарыялады. Кабарчы токой чарбанын директору Каныбек Чойтоевдин айынан эл экиге бөлүнүп калды, бийлик бул маселеге өзгөчө көңүл бурбаса күтүүсүз чоң жаңжалдар жаралышы мүмкүн деген айгай салды.
Ызы-чууну баштаган "Ачык саясат" гезитинин сандары
Ал гана турсун токой чарба министри Абдыкалык Рустамовдун, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун келип кетүүсүн өтүнгөн маалыматтарды билдирди. Чынында Кызыл-Үңкүрдө эмне болуп жатат, 10 чакты үй-бүлөдөн турган адамдар эмне үчүн мынчалык ызы-чуу салды? “Ачык саясат” газетасынын айгай салган макалаларында чындыктын изи барбы? Каныбек Чойтоев токой чарбанын кызыкчылыгын көздөйбү же жеке мамилелер менен кимдир бирөөлөрдүн жарандык укуктарын тебелеп жатабы деген суроо менен быйылкы жылдын 15-май күнү Кыргыз Республикасынын токой чарба агентствосунун директору Абдыкалык Рустамов өзүнүн орун басарлары менен Базар-Коргон районунун акими Бегимкулов А.К. баштаган райондук жетекчилер болуп, түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун уюгу болгон Кызыл-Үңкүр айылына келишти. Маселе жеринде каралып, жеринде чечилүүсүн көздөп турушту.
Чырдын башы
Кызыл-Үңкүр айылындагы маданият үйүнө токой чарбанын адистери, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл тургундары топтолушуп, республикадан, областтан, райондон келген жетекчилер менен аталган маселени талкуулай башташты.
Бийлик жанан эл. Кызыл-Үңкүр айылы Базар-Коргон району
... 2017-жылдын 30-октябрында чарбада жашаган Бактыкан Түркменова деген аял Жалал-Абад аймактык токой чарба башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмековко жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловко, Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Каныбек Чойтоевко атайын арыз менен кайрылып, аталган чарбада жашаган жакын туугандары Түркменовтор менен токой талашып жаткандыгын, аны такташтырып берүүнү суранат. Ал арызында жакын туугандары Тасмабек, Кубаныч, Рысбек Түркменовтор жана өзүнүн чоң баласы Сүйүнбек Түркменовтор биригишип, мага зомбулук кылып, өздөрү мамлекеттен жана менден токой аянттарын бекитип мыйзамсыз колдонуп жүрүшөт деген дооматтарын билдирет.
Андан ары Бактыкан Түркменованын бул арызы ар кайсыл инстанцияларга барып текшерүүлөрдөн өтүп жатты. Бул арыздын негизи менен 2018-жылдын апрель, май айларында көзкарандысыз “Жалал-Абад-Аудит” коомунун аудитору Бакиров Исакбек жана аудитордун жардамчылары Б.Алибаев А.Султановтор Кызыл-Үңкүргө келишип, аталган маселелер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
Аудитордук актынын корутундусунан 10.05.2018-ж. Кызыл-Үңкүр айылы
“Кызыл-Үңкүр токой чарба кызматынын 03.11.2017-жылдагы № 01-11/57/О буйругунун негизинде комиссия тарабынан ижарачылардын жаңгак аянттарын тартып өлчөөдө Түркменов Рысбектен 12,9 га, Тасмабек Түркменовтон 17,8 га, Кубаныч Түркменовтон 7,8 га, Бактыбек Жолдошевден 3,9 га, Курманкулов Каныбектен 13,5 га, Курманкулов Жаныбектен 13,5 га, Тешебаев Мараттан 1,5 га бардыгы 70,9 га ашыкча жаңгак аянттары бар экендиги аныкталган. Бул ашыкча чыккан жаңгак аянттарынын ижара акысы жылына 70 900 (жетимиш миң тогуз жүз) сомду түзөт. Өлчөө актысынын негизинде 2013-2018-жылга чейин ашыкча жаңгак аянттарын эсептегенде 354 500 (үч жүз элүү төрт миң беш жүз) сомду түзгөн. Анын ичинен төлөнгөнү 36 500 (отуз алты миң беш жүз) сом. Ижарачылар тарабынан ашыкча пайдаланган жаңгак аянттары боюнча 318 000 (үч жүз он сегиз миң) сом төгүлбөгөн”.
Актынын андан аркы бөлүгүндө буга чейин токой чарбада жетекчи болуп иштеп келген адам тарабынан ижарачылар менен болгон келишим кагаздар туура эмес, үстүртөн божомол менен жазылгандары айтылат. Жогоруда белгиленген 7 адамдан эле 70 гектар жердеги жаңгак токойлору мамлекеттен бекитилип, жеке кызыкчылыктарга кеткени так жазылат. Эгер буга чейин Кызыл-Үңкүр токой чарбасына тиешелүү 3066 гектар жаңгак токою элге ушундай тартипте берилсе, анда бүгүн мамлекет канчалаган зыянды ачык эле тартып жатат. Токой чарбасындагы мындай башаламандыктар жөнүндө жазылган 2018-жылдын 10-майындагы 7 беттен турган аудитордук корутундуга (актыга) аудитор И.Бакиров, анын жардамчылары Б.Алибаев, А.Султанов Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору К.Чойтоев, башкы эсепчиси Б.Чымынтаев кол койгон.
Директор К.Чойтоев Базар-Коргондун акимине жана токой
чарба министрине болгон окуянын баарын элдин көзүнчө айтып жатат.
Эмне үчүн биздин токойлорду өлчөшөт?
“Жалал-Абад-Аудит” коомунун мындай корутундусуна макул болбогон Кызыл-Үңкүрдөгү бир туугандар болгон Түркменовтор менен Курманкуловтор баштаган он чакты үй-бүлө 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын май айына чейин буга чейинки премьер-министр Сапар Исаковко, башкы прокурор И.Жолдубаевага жана Жогорку Кеңештин төрагасына жана токой чарба агенттигинин директоруна бир нече ирет келишип, арыз ташташып ызы-чуу салышат. Бирок ар кандай текшерүүлөр токой чарбадагы мыйзамсыз көрүнүштөргө аргасыз баш чайкашып, жетекчи Каныбек Чойтоевдин аракетинде адилеттүүлүк бар экенине ынанышат.
"Ачык саясат" газетасына чыгып коркуткандар өздөрү мыйзамды бузуп жаткандыгын айтышпайт
Айласы кеткен нааразы тарап Бишкектен “Ачык саясат” гезитинин кабарчысы Баян Көлбаеваны чакыртышып, эки ирет ызы-чуулуу бир беткей, чарба жетекчисин жамандаган макалаларды жарыялатып, элди газета менен козутуп, аны эки бөлүүгө аракет жасашат. Натыйжада Кызыл-Үңкүрдүн эли экиге бөлүнүп, ызы-чуу боло башташат. Ушунун бардыгы Бактыкан Түркменова деген жарандын туугандары менен токой бөлүшө албаган арызынан келип чыгат.
Текшерүү органдары эмне дейт?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору К.Чойтоевке 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 24-17/248 билдирген катынан:
–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон район аралык башкармасына жазылган арыздын негизинде, биздин мамлекеттик инспекторлор тарабынан, Токой чарбадан тийиштүү документтерин текшергенде, Түркменов Кубаныч, Түркменов Рысбек, Түркменов Мырзабек, Түркменов Тасмабек тарабынан түзүлгөн келишимдер жана алынган арыздар, тийиштүү конкурстук документтер, бир тарап жасалган, токой чарбанын директору Анарбек уулу Элмирбек тарабынан токой берүү үчүн буйрукка кол койгон, калган документтерге белгисиз адам тарабынан кол коюлган. (келишимге, арызга, конкурстук сунушка, таксациялык баяндамага). Убагында токой чарбанын директору, башкы токойчусу жана адистери тарабынан, көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнүн, инвентаризация болбогондугунун негизинде, ашыкча токойлору бар экени өзүлөрүнүн айтуусу боюнча тастыкталды. Токой чарбасындагы кемчилдиктерди жоюу боюнча 10 күндүк мөөнөтү менен төмөнкүдөй эскертүү берилет,
1.Токой чарба боюнча кошумча дагы инвентаризациялоо иши жүргүзүлсүн, өз кызыкчылыгына пайдаланган ашыкча токойлор алынсын...
Башкармалыктын башчысы А.Шамаев.
Демек, Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы буга чейинки жаап-жашырылып келген айрым олуттуу чарбалык кемчилдиктердин бети ачыла баштаган. Албетте, мындай көрүнүштөр бүгүнкү мезгилде токой чарба жетекчилигинин, адистердин эл менен бир болуп, жеке кызыкчылыктардан оолак турган мамилелеринен улам жаралганы байкалат. Акыркы 6 айдын ичинде эле Кызыл-Үңкүр токой чарбасына кеминде 30дан ашык ар кандай текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алардын бири да токой чарба адистеринин иш-аракетинен олуттуу кемчилдиктерди таба алган эмес.
Албетте буга чейин мурдагы чарба жетекчилери менен өздөрүн “эпчил” сезген Түркменов, Курманкулов, Тешебаев сыяктуу айрым адамдардын мамлекетти, токой чарба жетекчилерин алдап, жасалма документтер менен мамиле кылып келгендерин кимдир бирөөлөр эмес, кайра эле өздөрүн өздөрү чукуп, далилдеп жатканы жөнөкөй адамдын тили менен айтканда жашоодогу ак-караны, ууру менен түздү кудай өзү теңдеп жаткансыйт. Ошентсе да, кыргыз элинде “уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” деген сөз бекер айтылбаганы 2018-жылдын 15-май күнү дагы бир ирет тастыкталды. Кыргыз Республикасынын токой чарбага тиешелүү бардык жетекчиликтери, Базар-Коргон районунун акими баш болуп Кызыл-Үңкүргө келгенде жыйналыш залында болгон ызы-чуу эмнени далилдеди?
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору болуп өткөн жана болчу иштер жөнүндө жыйналышта кыскача маалымат берди. Токой чарба агенттигинин директору А.Рустамов өлкөдөгү токой чарба агенттигине байланыштуу иш-аракеттер жөнүндө айтып келип – силердин чарбадагы айрым талаш-тартыштар эмнеге байланыштуу болду дегенде ызы-чуу башталды. Буга чейин чарбанын жалпы жааматынын 90% жетекчи Каныбек Чойтоевдун иш-аракети элди канаттандырат, жакшы деген пикирди билдиргенде баягы эле жери ашыкча чыккан Түркменовтор менен Курманкуловтор баш болгон топ кыйкырык, ызы-чуу салып киришти.
Залдын ичинде бири-бирин жулкулдашкан элге райондун акими бийлик ээси катары “ай-үй” деп айтышка үлгүрбөй калды. Видео тасмада даана көрүнгөндөй Түркменовтор “Чойтоев эмнеге биздин жерлерди өлчөйт, бизди текшеришке кандай акысы бар эле” деп кыйкырышты. Алар бир канча жылдар бою ондогон гектар түшүмдүү жаңгак аянттарын мамлекеттен бекитип, жасалма документтер менен иштеп келгендиктерине уялып калгандын ордуна кайра кыйкырык менен райакимди, токой чарба министрин көзгө илбей уруш-жаңжал менен чогулушту бузуп жиберишти. Түркменовтордун бириси чуркап чыгып, токой чарба агентигинин жетекчиси А.Рустамовду колдон алып, элден бөлүп – басыңыз өзүбүзчө сүйлөшөлү деп кирди. Ал эми райондун акими мындай митайымдыкты көрбөгөнбү аргасыз элейди.
Ошентип Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы эл менен райондун акиминин, токой чарба агенттигинин директору баш болгон республикабыздагы токой чарба жетекчилеринин чогулушу жыйынтыкталбай ар ким өзүнчө ызы-чууга кетти. Мындай көрүнүштү карап туруп эл менен бийликтин ортосундагы мамиленин деңгээлин ачык көрүндү. Уурулар тууруларды жакалап, каралар актарды коркутуп жатты. Аргасыз баш чайкап бийликтин, мыйзамдын күчү кайда деген суроо жаралды. Жападан жалгыз чындык ошол күнкү окуяны тарткан видеокамеранын элесинде калды.
Республиканын, областтын, райондун атынан келген жетекчилер Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы 10 чакты зөөкүрдүн мыйзамсыз аракеттеринен чочуп машиналарына түшүп кете башташты. Ал эми айыбы ачылган 10-15 адам үндөрүнүн болушунча бакырып милицияны, райондун, областтын, ал гана турсун токой чарба агенттигинин жетекчилерин баш кылып сөгүп, көз көрүнө жаңжал чыгарышты. Алар жетекчилерден Каныбек Чойтоевди кызматтан ал деген талапты коюшту. Ал эми Кызыл-Үңкүрдүн көпчүлүк эли Каныбек Чойтоев туура иштеп жатат, чындык ошол тарапта дешти. Эми эмне кылыш керек? Каныбек Чойтоевди жумуштан алса жашоодогу чындык өлөт. Албайын десе уюшкан айрым адамдардын митайымдыгы жана түшүнбөс ызы-чуусу көпчүлүктү тажатып бүткөнүн айтып жатышты.
Директор Каныбек Чойтоев эмне дейт?
58 жаштагы Каныбек Чойтоев ушул Кызыл-Үңкүрдө туулуп чоңойду. Өмүр бою ушул чарбада жашап иштеди. 1987-жылы Алматыдагы айыл чарба институнун токой чарба факультетин бүткөн. Эмгек китепчеси ушул токой чарбадан башталат. Буга чейин катардагы токойчудан башкы инженерликке чейин кызмат өтөгөн. 2017-жылдан баштап чарбанын директору болуп иштеп жатат. Ал директор болгондо айылдын эли өз балабыз жетекчи болду деп кубанып колдоп чыгышты. Каныбек Чойтоев да чын аракети менен чарбаны оңдойлу деп элди үндөй баштады. Эл да бул демилгени туура көрдү. Натыйжада өткөн жылы 6 айда эле токой чарба киреше булактарын 5 700 000 сом менен жыйынтыктаган. Чарбанын тарыхында киреше булагы 4 200 000 сомдон өмүрү ашкан эмес. Демек, жаңы директордун аракети 6 айда эле бир жарым миллион сом ашыкча кирешени мамлекеттин чөнтөгүнө түрткөн. Бул аракет элге да жага баштаган.
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Каныбек Чойтоев
–Кызыл-Үңкүр айылында 1100 түтүн же 9000ге жакын эл жашайт. Чарбада 3666 гектар жаңгак токойлору бар. Булардын баары ижарага таркатылып берилген. Жыл сайын түшүм берчү 1920 гектар жаңгак токоюнан 1 920 000 сом планындагы киреше мамлекетке кириштелет. Ижарачылар ар гектар аянтка 1000 сомдон план төгүшөт. Мындан сырткары чарба 2180 бал челек кармайт жана жылына 13 тонна бал план катары берилет.
Негизинен чарбадагы баш ооруткан маселе жайыт маселеси. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы жыл сайын 1700 гектар аянтты жайытка берет. Буга нормага ылайык 17 000 баш бодо мал жайлоого чыкса болот. Бул үчүн биз чарбага жайыттардын эсебинен 1 300 000 сом киреше планын төгөбүз. Маселе мында эмес. Токой кодексине ылайык биз жайыттарды, токойлорду мыйзамда белгиленген нормалардан ашыкча кыспашыбыз керек. Биздин токой чарба бир жылда 17 000 башка чейин кара малды жайыт менен камсыз кылса, иш жүзүндө жылына ал жайыттарга 50-60 миң мал чыгат. Бул деген жайыттардын деградация болуп, мал туягынан кыйрап жаткандыгын билдирет. Демек, биздин жайыттар 3-4 эсе көп мал менен кордолуп жатат. Ошол жайыттарда жер көчкүлөр пайда болуп, жайлоонун, жаратылыштын кунары кетип табигый тең салмактуулук бузулууда. Жергиликтүү, райондук бийлик малдын баары жайлоого чыксын дейт, ал эми токой кодекстери жайытты жана токойлорду сактагыла дейт. Кимди угуп, кандай иш кылышты тандоо кыйын.
Жыл сайын жүздөгөн гектарларга токой көчөттөрүн тигебиз. Аларды болсо жайнаган мал тебелеп айланы кетирет. Алар бул жакта калсын, адамдар ар кандай амалдар менен кагазга 3-4 гектар токой көрсөтүп, иш жүзүндө 10-15 кээде 20 гектар токойлорду ашыкча колдонуп жатканына эмне дейбиз? Бул маселени көтөрсөң эле элге каршы турган адам болуп чыга келесиң. Ал эми мыйзамда токой мамлекеттин байлыгы катары так жазылган. Бүгүн болсо ал мамлекеттин байлыгын уурдагандар менен күрөшсөң да бийликке жакпайсың, - дейт Каныбек Чойтоев. – Анткени бийлик ызы-чуу чыгарбай тынч иште дейт. Тынч иштейин десең мыйзамды көзгө илбегендер көчөдө кыйкырып сүйлөп, чындык менен жашагандарды башкарып минип алат. Буга кантип чыдоого болот, - дейт Каныбек Чойтоев капа болгонун жашырбай.
Соңку сөз
Албетте журналистби, дыйканбы, прокурорбу же саясатчыбы айтор бардык кесиптердеги талаш-тартыштын өзөгү келип мыйзамга такалат. Жогоруда айтылган Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы ызы-чуунун арты барып мыйзамдын түшүндүрмөсү менен чечилерин баарыбыз эле билип турабыз. Каныбек Чойтоев мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп жатам дейт. Ал эми ашыкча токойлору чыгып, жасалма документтери билинип калган он чакты адамдар – биз да ошол мамлекеттин мүчөсүбүз, башка жактан келген эмеспиз деп башкалардан көбүрөөк айгай салып жаткан кези. Анткени ким эле жеп жаткан токочунан айрылгысы келсин?
Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конститутциянын 12-беренесинин 5-пунктунлда мындай дейт:
–“Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат”.
Байкадыңызбы баш мыйзам жаратылыш байлыктарын мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат деп белгилейт. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Токой кодекси деген мыйзамдын 581беренеси “Өзгөчө коргоого алынуучу баалуу дарактардын түрлөрү” деп аталат. Бул беренеде арчанын 3 түрү, жаңгак жана жаңгактын капы, мисте менен жапайы бадам дарактары өзгөчө баалуу дарак катары коргоого алынат деп белгиленген.
Сөз учурунда Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Каныбек Чойтоевтон – эгер 7 ижарачы адамдан 70 гектар жаңгак токою бекитилип уурдалып жүргөнү байкалса, Кызыл-Үңкүрдөгү миңден ашуун түтүн эл жашайт экен. Эгер аларды толук инвентаризация кылса канча ашыкча чыгышы мүмкүн деген суроого – ал 800дөн 1000 гектарга чейин барышы мүмкүн деп жооп берди. Мындай көрүнүштөрдү Кызыл-Үңкурдүн эли туура түшүнүшүп жашоодо баары мыйзам чегинде болсун деп жатышат. Демек, бүгүнкү мезгилде түштүк Кыргызстандагы 35 000 гектар жаңгак токоюнун ар бир сотигине чейин эсептеп, ар бир түбүнө чейин санап чыгуу керек. Анткени ал мыйзамда белгиленгендей өзгөчө баалуу дарак жана мамлекеттин казынасын толтуруучу негизги каражаттардын бири. Бүгүн биз мамлекеттик мүлктү коргойбуз деп коррупцияга каршы күрөш ачып, не бир аёосуз реформаларды жасоого милдеттенип жатабыз. Булардын баары Кыргызстандын жана анын элинин гүлдөп өсүшү үчүн аракет эмеспи?
Эгер андай болсо карапайым калктын ичинде жашап, ар кандай куулук амал менен мамлекеттик мүлктү уурдап, анын суракчыларын уруп-сабап жаткан, мыйзамды каалагандай бурмалаган бир ууч адамдарга бүгүнкү бийликтин күчү жетпейби деген суроо жаралат. Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловдун жана токой чарба агенттигинин директорунун, орун басарларынын деги эле бүтүндөй жетекчилеринин көзүнчө Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын адистерин, директорун баш кылып сөгүп, анын балдарын уруп-сабаган ээн баштарды ким тартипке чакырат? 10-15 киши тынч жашасын деп мыйзамды, чындыкты тебелеп, анан да реформатор жетекчи Каныбек Чойтоевди садага чаап кызматтан алыш керекпи? Бул суроо бүгүн дал ушул окуяны өз көзү менен көргөн токой чарба агенттигинин директору А.Рустамов баш болгон жетекчилердин баш ооруткан маселеси.
Ал эми Базар-Коргон прокуратурасы менен милициясы Кызыл-Үңкүр токой чарбасында көз көрүнө зөөкүрлүк, хулигандык жүрүп жатса көрмөксөн болгону эмнеси? 7 киши 70 гектар жерди мамлекеттен жашырып бир канча жылдардан бери кирешесин бекитип, бул боюнча чарбанын мурдагы директору Анарбай уулу Элмирбектин аты менен түзүлгөн жасалма документтерге карата кылмыш иштеринин козголбой жатканы да эмнеден кабар берет?
Базар-Коргондогу мыйзамды көзөмөлдөгөн органдар Кыргызстанда 2030-жылга чейин жаңгак токойлору боюнча мораторий жарыялаганын билбейт окшойт. Анткени дал ушул Кызыл-Үңкүрдөгү ызы-чуу жараткандардын бири болгон Курманкулов Каныбек менен Курманкулов Жаныбек 3 жыл мурда чарбанын “Түлөберди” деген коктусунда 2 үй кепени өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жаңгак дарактарын кесип, жыгачтан үй кепе салып алышкан. Ушундан улам Курманкуловторго жаңгак токой аянттарын уурдап, жаңгак устундарынан каалагандай үй кепе салганга ким уруксат берди? Мораторий кайда? Милиция, прокуратура эмнеге муну көрбөйт?
Буга карабастан Курманкуловтордун жана Түркменовтордун өтүнүчү менен быйылкы жылдын 26-апрелинде Базар-Коргон районунун соту Т.Маматовдун токтому менен милициянын тергөөчүсү М.Закиров Каныбек Чойтоев менен бир тууган иниси Жаныбек Чойтоевдин үйлөрүн мыйзам чегинде деп тинтүү иштерин жүргүзүшкөн (атайын токтом бар). Ушундан улам Базар-Коргондогу милиция менен прокуратуранын ишиндеги алашемдикти ким жоёт деген суроо жаралат. Ал эми өмүр баянында эң тажырыйбалуу аудитор катары бааланган Исакбек Бакировдун жардамчылары менен кол койгон аудитордук корутундусундагы дал ушул 7 адам 5 жылда мамлекетке 318 000 сом зыян келтиргендиги да так жазылып турат. Эмне үчүн мындай документке карата чечкиндүү чаралар көрүлбөйт?
Токой чарбаларындагы мындай башаламандык жалгыз гана Кызыл-Үңкүрдө болуп жатат деген чоң жаңылыштык.
Сузак районундагы Кара-Инген, Ак-Тоок, Кутурган айылдарында жүздөгөн гектар жаңгак токойлору тиешелүү мамлекеттик токтомдордун, байруктадын бар экендигине карабастан ал токой чарбанын эмес Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө кармалып келет. Орток токой чарбасынын бүгүнкү мезгилдеги жетекчилери аталган айылдардагы токойлорго көзөмөл кыла албастыгын билдиришет. Сузак менен Базар-Коргондун ортосундагы Коргон-Жар, Кара-Көл жаңгак токойлору да учурда мамлекеттик ээсине жетпей жеке колдордо калган. Албетте токойлордун жеке адамдарда болуусу а мыйзам чегиндеги маселе болгону менен анын түпкүлүгү жөнүндө сөз болуп жатат. Анын түпкү ээси токой чарба болушу керек. Анткени жаңгак өзгөчө баалуу дарактарга кирет. Ушундан улам Кыргызстанда жаңгак токойлору бүгүн мыйзам чегинде корголбой жатат деп ачык айтууга болот.
Токой чарба жетекчилери менен жергиликтүү бийликтин шаалакылыгынан бул аймактарда карапайым эл токой талашып бири-бирин аёосуз мыкачылыктар менен өлтүрүп жатышканы да чындык.
Фактыларга кайрылалы. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү көзөмөл кылган, Кутурган, Ак-Тоок айылдарында акыркы 5 жылда бир нече ирет жарандардын токой, жайыт талашып бири-бирин өлтүргөн учурлары кайталанды. Алардын бири Кара-Инген айылынын 40 жаштагы 9 балалуу тургуну Бакыт Баймуратов 2016-жылы жакын тууганы 50 жаштагы, 4 баланын атасы Канат Кадыровду балталап, мыкачылык менен өлтүргөн. Алардын негизги талашы жаңгак токойлору жана жайыт болгон. Канкор Бакыт Баймуратов ата-энеси, бир туугандары менен Кара-Инген токойлорунун ичине заңгыраган үйлөрдү салып, атаандаш болгон жакын туугандары менен душман катары кырылышып келген. Бүгүн алардын курган үйлөрүн, жаңгактардын абалын көзөмөлдөгөн бийлик жок.
Демек, Кадыров Канаттын өлүмүнө Кызыл-Туу айыл өкмөтү, Сузак акимчилиги жана Жалал-Абад областындагы токой чарба бөлүмү түздөн түз күнөлүүдөй сезилет. Анткени адам өлтүргөн зөөкүр Баймуратовтор токойлордун арасына каалагандай үйлөрдү салып, жаңгак токойлорун менчигиндей колдонуп келишет. Аны көзөмөлдөп чечкен бийлик жана орган жок эсе. Андыктан, бүгүн Кызыл-Үңкүр токой чарбасында гана ижарага берилген токойлордун аянтын өлчөбөстөн бүтүндөй түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун аянттарын так эсептеп, анын ар бир түбүн көздүн карегиндей сактоочу мезгил келди. Анткени мыйзам ошондой жазылган. Жаңгак токойлору мамлекеттин баалуу дарактары жана негизги байлыгы.
Ал эми Кызыр-Үңкүрлүктөргө айтаар бир гана сөз. Чукушса тема түгөнбөйт. Маалымат таркаган сайын маалымат көбөйөт. Кимдир бирөөлөр Чүйдүн Шамшы айылында жашап кантип эл менен батышпай айылдан куулганы же болбосо дагы кимдир бирөөлөрдүн эл билген уурулуктары маалымат катары келсе да, ушак деп сөз кылбадык. Анткени эл тынч болсун, эл ынтымактуу болсун дедик. Кудай да , бийлик да адилетүүлүктү туу тутуп, мыйзамды сыйлагандар менен бир болоорун унутпайлык. Ал эми токой чарба агенттигинде Каныбек Чойтойевдей жетекчилерден көбүрөөк болсо токойчуларга гана эмес бүтүндөй кыргыз элине жакшы болмок деген пикирди жүрөккө кол коюп айткыбыз келди.
М.Аскаров
Булак: Kyrgyztimes.kg