www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттерди ким башкарат?

Борбор Азиянын түркүгү болуп келген, союз убагында Орто Азия аталган мамлекеттер бар. Булар демократия жолуна түшкөн, чын эле Борбор Азияда демократия орноду беле?

1. Өзбекстан, президенти Шавкат Мирзияев. Шавкат Мирзияев 2003-жылы Ислам Каримовго жагып өкмөт башчысына келген. Ошол бойдон өкмөт башчысы катары ак кызматын аткарды. 2016-жылы Ислам Каримов бу дүйнөдөн өткөн соң Өзбекстанга президент болду. Азыркы күндө мамлекетти туура жолго алпарам деп далалат кылган президенттердин бири. Арийне, Ислам Каримовдун кыздары, неберелери анын үстүнөн кайрылуу жасап жатат.

2. Казакстан, биздин аймакта лидерликке умтулган мамлекет. Отуз жыл Нурсултан Назарбаев бул мамлекетте чыгып жаткан мунайзат жана башкалардын эсебинен бутунан тургузду. Бирок, кимди? Бүгүн Тимур Кулибаев, Ким сыяктуу миллиардерлер бар, эли кандай жашайт? Назарбаев 2019-жылы 19-мартта президенттен кетти. Ал кимди болсо да президент дайындап коюп, өзү башкара берерин эл алдында көрсөттү. Токаев коюп койгон фигурасы, чоң маселе Назарбаевсиз чечилбейт.

3. Тажикстан, Эмомали Рахман сырты демократия болгону менен ичи авторитардык режимде жашаган өлкө. Ал Тажикстанды бир гана Рахмановдордун жакындары башкара аларын дүйнөгө жар салды.

4. Түркмөнстан, Гурбангали Бердымухаммедов Сапармурад Ниязов салып кеткен даңгыр жолго түшкөн. Бүгүнкү күндө анын алдына барган адамдар башын ийип кирип, арты менен башын ийип чыгат.   Мындай хандык өкүмдүк Борбор Азияда сакталып калган.  

5. Кыргызстан, Сооронбай Жээнбеков, бизде ким президент болсо көңүл ошого бурулат, президенттен түшөр менен “кара пиар” сүйкөлөт”.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости