www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекназаров  дагы  тескери  кеттиби?

“Кыргызга миң жылда бир келчү апаатты”  кыргыздын башына апкелгендер кимдер?

Азикебиздин  “временшиктердин” косяктары жөнүндө сөз болсо эле туталанып,түз жерден  туураланып чыга  калмай адаты бар экендигин жакшы билебиз. Анткени, ал сыртынан ала көөдөн, ак көңүл адамдай көрүнгөн менен аябагандай куу, сак  адам экендигин бардыгы эле билишпейт. Ал “временешиктердин” жаңжалы  көбөйүп, кылмыштуу иштери чукула берсе, бир күнү банктардагы ячейкалардагы акчалар , алтындар да козголуп, андан жаманы алардын каяктарга кеткендиги  иликтенип, изилденип кетиши мүмкүндүгүн сезип, алдын ала сактанып жатат.

“Кыргызга миң жылда бир келчү апаатты”  кыргыздын башына апкелгендер кимдер? Албетте, Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Бекназаров баштагандар. АШАнын психикалык мандеми бар, ачкыл-кычкылдардан башы чыкпаган, анын үстүнө сөйрүктүк да жагы бар экендигин билип туруп мамлекеттин башына алып келүүгө көмөктөшүү - элге  жана мамлекетке жасаган кыянаттык , чыккынчылык болуп саналат. Айрым  эл өкүлдөрү  АШАга Баатырдык наам берип, Түндүк-Түштүк  альтернативдүү  жолуна  анын ысмын ыйгаруу жөнүндө демилге көтөрүшкөндүгү чын. Ал үчүн алар элден кечирим сурашса туура болмок.

Бирок  ал үчүн А.Бекназаровдун парламенттин  бардык  мүчөлөрүн  айыптаганы  туура эмес. Мезгилге, жагдайга жараша бардык  акылдуу, эстүү  адамдар  өзгөрүп  турушат. АШАнын  кылмыштарынын көбү  ашкереленгенден кийин башка партиялардагылар түгүл,  ага карата КСДПдагылардын басымдуу көпчүлүгүнүн  көз караштары, пикирлери кескин өзгөргөндүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ага Азикебиз кейип кепчибей койсо деле болот. Мезгили келгенде табияттагы таш менен темир да өзгөрөт. Азыркы  мезгилде, тескерисинче, АШАдай  болуп өзгөргүсү  келбей жаткандардан коркуу керек.

Булак: “Майдан. kg” 

 

 

Последние новости