www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады.

Иса Өмүркулов бул тууралуу 2-майда "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

"Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча атайын жумушчу топ иштеди. Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, бул мыйзам долбоордун авторлорунун бири Дастан Бекешов парламенттик угууда шайлоонун мөөнөтүн эртелетүү тууралуу сунуш түшкөнүн маалымдады:

- Эгер президенттик шайлоодо экинчи тур болуп калса анда шайлоо жаңы жылга чейин узарып кетет экен. Ошондуктан биз буга чейин белгиленген мөөнөттү алдыга жылдыралы деп жатабыз. Мисалы, Иса Өмүркулов 15-октябрга жылдыруу боюнча сунуш берди. Биз муну карап чыгабыз, силер дагы өз оюңарды айтасыңар. Биз муну комитетте да талкуулайбыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин президенттик шайлоонун мөөнөтүн 19-ноябрь деп белгилеген. Парламенттеги оппозициячыл азчылыктагы "Ата Мекен" фракциясы болсо шайлоо август айынын этегинде өтүшү керек деп билдирген.

Последние новости