www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевге буга чейин кылмыш иши козголгону маалым. Чынында Исаев Токмокто мэр болуп турганда бир катар кыңыр иштерди жасап, «арты» булганган. Эми тергөө иштери аяктай турган болсо ал камакка алынышы мүмкүн.

Жакында Канат Кедейкановичтин арыгын чаап жүргөн «сары» басылмалардын бири «К. Исаев камакка алынса 3-революция болот» таризинде маалымат таратты. Бул кабар жөн жерден чыккан жок. Анын үстүнө Исаевдин жакын санаалашы, белгилүү алко-магнат Шаршенбек Абдыкеримовдун «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин курал кампасынын 20 курал-жарак ок-дарысы менен уурдалды. ИИМдин ыкчам-тергөө тобу кампага барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган. Курал сактаган жайдан «Сайга» үлгүсүндөгү 9 карабин мылтыкты, 10 «Макарыч» тапанчаны уурдап кетүү дегендин өзү жомок. Кантип эле өздөрү күзөтчү болуп туруп өз куралдарын уурдасын? Буга ишениш кыйын го.

Биздин божомол «К.Исаев камакка алынса 3-революция болот» деген маалыматка барып такалууда. Мүмкүн Канат Кедейканович «чечкиндүү» кадамдарга даярданып жаткандыр. 20 курал менен Кыргызстандын шартында көп иштерди бүтүрсө болот. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары тынч митинг менен мыйзамды буза алган жок.

Эгер Исаев керт башын ойлоп Кыргызстанда куралдуу кагылшууну пландап жатса терең жаңылат. Мындай кадамдарга бара турган болсо өзүнүн эле башына тиет. Андыктан көзүн чоңураак ачып, кылган иштери үчүн жооп берип, ак болсо аны мыйзамдын негизинде далилдеп берсин. Элге тынчтык керек.

Булак: Багыт.kg

Последние новости