www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финпол: Оштон экономикалык контрабанда аныкталды

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактыларын аныктады.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалып, ал Өзбекстан Республикасынан “Достук” бажы посту аркылуу тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Азыркы убакта, ЭККМК контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости