www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубан Чороев БШКнын үстүнөн Жогорку сотко арызданат

Кубан Чороев президенттик шайлоого катышуу укугун коргоо максатында 14-декабрда Жогорку сотко кайрылат. Эки күн мурун анын ушул өңүттөгү арызын Бишкектин административдик соту канааттандырган эмес.

Чороев президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аны процедураны бузган деп, каттоодон баш тарткан.

Боршайкомдун жумушчу тобу Кубан Чороевдин колдоочуларынын кол тамгалары барактарды басып чыгарууга акча төлөбөстөн чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп билдирген. Чороев мыйзам бузбаганын, БШК анын шайлануу укугунан ажыратканын, 30 миңден ашуун колдоочусунун укугу тебеленгенин айтууда.

Кубан Чороев - «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости