www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта президенттик шайлоо тууралуу кеп чыга баштагандан бери президент болууну көздөгөндөр да активдеше баштады.

Алгачкылардан болуп учурдагы бийликти колдогондордун катарында жүргөн Акжолтой Тукунов президенттик шайлоого катышарын билдирип, элден колдоо сурады. Анын айтымында, талапкер катары чыгуу үчүн зарыл болгон 3 миллион 200 миң сом чогултулган.

«Президенттик шайлоого талапкер болуп чыгышымды каалагандар, колдоо көрсөтүүгө даяр болгондор жеке билдирүү аркылуу байланышса болот», — деген ал.

Эске салсак, Тукунов буга чейин бийликтин колдоосу менен мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, кийин ар кандай себептер менен эч нерсени эптей албай былкылдап келип, кылтыңдап кызматтан кеткен.

Ал эми анын шайлоого байланыштуу билдирүүсү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Тукуновдун эскирген дубалга конгон каргадай болуп асман тиреген тилектери деле кызыктай экени таң калтырат.

Последние новости