www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөт тушунда 2010-жылдын 11 июнунда Ош жаңжалы башталганда президенттикке талапкер  Бектур Асанов Жалал-Абад губернатору эле. Эмнегедир 12-июнь күнү губернатор Бектур Асанов менен Бишкектен комендант болуп келген Кубатбек Байболовду  Жалал-Абад шаарында жер сыйпалагансып таппай калышат. Жалал-Абад шаары Камчыбек Ташиев баш болгон топтун көзөмөлүнө калса, Сузак айылы К. Батыров, И. Абдирасулов, Ж. Салахутдинов башында турган өзбектердин колунда болуп Сампа айылында жолду көзөмөлдөп турган.Мындай улуттар аралык жаңжал бир кылым ичинде үч ирет болгон: биринчиси 1968-69 жылдары Жалал-Абадда жаш студенттер арасында болсо, экинчиси 1990-жылдын июнунда болгон. 

2010 – жылдын июнунда болгон жаңжал оор шарттарда  өткөн Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басарлары Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаевдер жаңжал болуп жаткан жерге барышып ал-ахыбал менен таанышкан. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин ал мезгилде дайыны чыкпай калган. Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асановдун «бомбасы» ушуга байланыштуу, анын айтымында, аны Атамбаев чакырып алып: «Азимбек Бекназаровду  атып салгыла, ызы-чуудан ким атканы билинбей калат» -деген имиш. Ушундай «бомбасы» үчүн Бектур Асанов сыз жерлердин даамын татып келгендей.

Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости