www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максатым – Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун активи менен жолугушканда билдирди.

Садыр Жапаров И. Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот!» деген сөзү анын урааны экенин айтып, коррупцияга каршы аракеттенүүдө ар бир жетекчи саясий эркти көрсөтүүсү керектигин баса белгиледи.

«Мен бардык ишти салмак менен карап жатам.Элибиз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө, чиновниктер менен мамлекеттик кызматкердин коррупциясыз таза иштөөсүнө суусап турат. Ошондуктан бардык жетекчилерден бекем саясий эркти көрсөтүп, коррупция менен күрөшүп, таза иштөөгө чакырам. Мен ушуга аттандым! Максатым – Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу», - деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Премьер-министр коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны Баткен облусунда көп болуп жатканын айтып, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине вирустун жайылышын алдын алуу, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн бир катар  тапшырмаларды берди.

«Коронавирус мени өзгөчө кабатыр кылууда. Баткен облусунда абалы кыйын. Ооругандардын саны көп.
Учурдан пайдаланып, бардык тиешелүү жетекчилерге кайрыламын: керектүү бардык иш-аракеттерди жасагыла. Уюштуруу иштери, керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо иштеринде бир да кемчилик кетпесин», - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу жарандарды санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости