www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доллардын кыргыз сомуна карата курсу өйдөлөп кетишине ага суроо-талап күчөгөнү себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук банк 2-ноябрда маалымдады. Мекеме Tazabek басылмасына билдиргендей, 1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанып келет, башкы банк аны аныктабайт, болгону орчундуу өзгөрүүлөрдү жумшартуу аракетин көрөт.

Бул жолу доллар кымбаттап кетишинин негизги себептери деп суроо-талап күчөгөнү, сырьелук товарлардын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөр чектөө киргизгени себеп болгону айтылды.

2-ноябрга карата Улуттук банк доллардын курсун 81,80 сом деп аныктаган, бирок акча алмаштыруучу жайларда сатуу курсу дээрлик эки сомго жогорулап, 83 сомго жетти. Бүгүн, 3-ноябрга карата да доллардын расмий курсу 81,80.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда доллар 12-13 сомго кымбаттады, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлардын да баасы жогорулап кетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости