www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жана Ош шаарларынан Россиянын Новосибирск шаарына туруктуу авиакаттамдар жаңыланып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, "S7" авиакомпаниясынын билеттерин каалаган адам сатып алса болот. Учактар Бишкек — Новосибирск багыты менен жума күндөрү, Ош — Новосибирск багыты менен бейшемби күндөрү учат.

Эске салсак, буга чейин аптасына бир ирет Бишкек — Москва багыты менен "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик” компанияларынын учактары каттап жаткан.

Аталган өлкөгө баруунун дагы бир жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалда кетсе болот:

  • Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекетке учканга үч күн калганда жасалышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости