www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армян тарап соңку куралдуу жаңжал учурунда 1200дөн ашык аскер жана жайкын тургундар каза болгонун билдирүүдө. Азербайжан болсо курман болгон аскерлердин санын ачык айтпаганы менен 91 жай тургун мерт болду жана 400дөн ашууну жаракат алды деп жарыялаган.
Мындан тышкары Тоолуу Карабак бийлиги 2-ноябрда жаңжал болгон аймакта 20 түрк жалданма аскери өлтүрүлгөнүн маалымдады. Армения премьер-министри Никол Пашинян Бакуга карата эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин Анкара менен Баку Тоолуу Карабакта Түркиядан келген жалданма аскерлер согушуп жатканын четке каккан.
Бул арада Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-ноябрда Арменияны азери аймагын аткылоого айыптады. Азербайжан президенти Ильхам Алиев эгер Ереван Тоолуу Карабактан аскерлерин чыгарып кетүүгө милдеттеме алса, Баку согуштук аракеттерди токтотууга даяр экенин айтты.
Ошондой эле Октябрдын аягында Азербайдан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Женевада жолугушуп, жоолошкон тараптар калктуу конуштарга, аскердик эмес объектилерге чабуул жасабоо жана туткундарды алмашуу боюнча макулдашкан.
Эске салсак, 1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылышуу уланууда.
Булак: NazarNews.kg