www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышар-катышпасын азырынча чече элек. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасынын эфиринде билдирди.

“Президенттикке талапкер өзүнүн жоопкерчилигин билиши керек. Кыргызстанда адамдар бийликке бир жол менен келип, башка жол менен кетет” – деди ал.

Ошондой эле Бабанов “Республика” партиясынын мүчөлөрү менен кеңешкенден кийин айтаарын убадалады.

“Бир топ саясатчылар рейтинг үчүн жашайт да. Мен эч качан рейтинг үчүн жашаган эмесмин. Мен абийирди туу тутуп жашайм” – деп белгиледи Бабанов.

Эске салсак, 2021-жылдын 10-январында өтчү кезексиз президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин эң алгач президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров айткан. Андан кийин Адахан Мадумаров, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев, Бектур Асановдор БШКга шайлоого катышуу тууралуу арызын беришкен.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комитети мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости