www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Бүгүнкү күндө Президенттик Аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери  ар кимде ар түрдүү өтүүдө,  абалдары канааттандырарлык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости