www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкара соту 2016-жылкы аскердик төңкөрүшкө айыпталган 121 адамды өмүр бою абакка кести. Бул тууралуу мамлекеттик Анадолу агенттиги билдирди.

Өкүм кылынгандардын ичинен 86 адам “Конституцияны бузууга аракет кылганы үчүн” өмүр бою “катаал режимдеги” камерага камалышат. Кесилген адамдардын баары 2016-жылы июлда Анкарадагы жандармериянын штабына кол салган деп айыпталгандар.

Булардын ичинде полковник “атайылап өлтүрүү” беренеси менен айыпталган. Ага полициянын антитеррордук бөлүмүнүн командирин жансакчысы менен чогуу өлтүрүүгө буйрук берген деп айып тагылган. Оор жараат алган командир аман калган, жансакчысы каза болгон.

Ушуну менен 2016-жылкы аскердик төңкөрүшкө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 1934 адамга жетти.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү АКШда акыркы 20 жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүленди 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен мындай дооматтарды четке каккан.

Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТӨ деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган башкаларды да «террористтик уюм» деп таанууга чакырган. 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери 77 миң киши камакка алынып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер жана аскер адамы иштен бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости