www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы 14 жаштагы Белек Мамасабировго издөө салат. Маалыматты бүгүн, 27-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, ал Аламүдүн районунун Өскөн-Ордо жаңы конушунда жашайт. Ушул жылдын 14-июнунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белек Мамасабировдун белгилери: бою 150-155 сантиметр, толугураак дене түзүлүштө, чачы кара кыска, мурду кырдач. Үйдөн чыккан күнү кара түстөгү футболка, жашыл түстөгү спорттук шым, жайкы бут кийим жана кара кепка кийип жүргөн. Оң далысы менен колунда күйүктөн калган тактар бар.

Белекти көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалымат уккандар болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23,0709 21-18-08, 0550 34-33-63, 0778 00-09-99 номурларына кабарласа болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости