www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда эсине келе албай ооруканада жатат. Бул туурасында NazarNews маалымат агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Белгилей кетсек, 26-июнда саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган: экөө Honda унаасында, үчүнчүсү-айдоочу Асель Кадырбекова Toyota Camry үлгүсүндөгү унаада болгон.

"Абалы оор, комада жатат. Мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткен. Дарыгерлер түнү бою өмүрү менен алышты. Дагы деле эсине келе элек. Томография, рентгендерди жасадык. Убакыт керек, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Комадан чыгып кетсе операция жасалат", — деди Сабырбек Жумабеков.

Дарыгер Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) унаасындагы бир киши дагы ооруканада жатканын кошумчалады. Анын баш мээси чайкалган, абалы туруктуу.

Эске сала кетсек, 29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ырчы Нурлан Насиптин жубайы жана бир кыздын энеси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости