www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты. Бул маалыматты анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Урматтуу достор! Кечээ, 26-июнь 2020-жылы кыргыз элине опол тоодой эмгек кылган экс депутат, мурдагы билим берүү министри,,фмзика-математика илимдеринин доктору, мекенчил агабыз Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Азыр врачтардын көзөмөлүндө үй карантининде. Агайга тез арада айыгып катарыбызга кошулушун алла таала насип кылсын", - деди Токтосунов.

Эске сала кетсек, экс-депутат 2-мартта Ала-Тоо аянтында парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости