www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат-Талас" командасы алды. Бүгүн, 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында болгон финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди. Оюндагы жалгыз улакты "Бакубат-Талас" командасынын оюнчулары 1-таймда тайказанга таштаган.

Бул мелдеште 3-орунду “Сары-Өзөн Рассвет” командасы алды. Бүгүн, 30-августта 3-орун үчүн болгон оюнда Чүйдүн улакчылары “Бакай-Ата Шыралжын” командасын 4:0 эсебинде жеңди.

Президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-августта башталган. Ага 12 команда катышты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости