www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маманов Рустам Ырысбаевичтин кызыкчылыгы үчүн жубайы Кермакунова Асылгүлдөн

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

УКМК кызматкерлери мыйзамсыз кармап, 4 айдан бери УКМКнын СИЗОсунда кармалып жаткан менин жолдошум Рустам Мамановго карата адилеттүүлүктү калыбына келтирүүңүздү өтүнөм.

УКМКнын тергөөсү тарабынан жолдошума сот тарабынан камакка алынган мүлккө укукту кайра каттоодо Бишкек мамкаттоосунун кызматкерлеринин кызматтык кылмышка баруусуна көмөктөшкөн деген айып тагылууда.

Бирок,ал кезде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 06.05.2016-жылдагы талаштуу мүлктү камактан чыгаруу жөнүндө чечими бар болгондуктан,бул иш боюнча Бишкек мамкаттоосунун кызматкерлери мыйзамдуу иштешкени тууралуу факты калкып чыгып калмак, ошондуктан мамкаттоонун бир дагы кызматкери кармалмак турсун, эч кимисине кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы боюнча айып тагылган да эмес.

Талаштуу мүлктү мыйзамсыз каттаган деген Бишкек мамкаттоонун кызматкерлерин суракка чакырса эле бул ойдон чыгарылган иш быт-чыт талкаланат.

Буга карабай Р.Мамановго мамкаттоонун кызматкерлеринин жасабаган кылмышына көмөктөшкөн деп мыйзамсыз айып тагылып, камакка алуу жөнүндө баш коргоо чарасы мыйзамсыз аныкталган (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратышты).

Биз УКМК коррупция боюнча бети ачылган же кылмыш жасаган чиновниктер менен алектениши керек деп эсептейбиз. Менин жолдошум чиновник эмес жана бул экономикалык талаштын катышуучусу эмес, тергөөнүн материалдарында анын талаштуу мүлктү тескегендигин ырастаган колу коюлган бир дагы документ жок.

Бул иште, айрым кызыкдар тараптар көрсөтүүгө далалаттанып жатышкандай, рейдерлик басып алуу жок. Экономикалык талаш Кытайдын эки жарандарынын ортосунда жүрүүдө, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы эч козголгон эмес. Кандай болбосун Кытай жарандарынын бири утат.

Экономикалык иштер Финпол жана ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтениши керектигине карабай, УКМК Р.Мамановдун ишин өзү алып барып, аны УКМКнын СИЗОсунда кармоо үчүн кызматтык кылмыш боюнча ойдон чыгарылган берене менен мыйзамсыз иш козгогон.

Калыбы УКМКнын иштин жыйынтыгына белгилүү бир кызыкчылыгы болуп, белгилүү бир адамдардын кызыкчылыгына жараша иштеп жаткандай.

Мыйзамсыз кармалуунун айынан менин жолдошумдун саламаттыгына олуттуу зыян келип, анын өмүрүнө кооптонуудабыз.

Сизге ушул кайрылуубуздан кийин УКМКнын тергөө органдары өздөрүнүн менин жолдошума таккан айыптарынын абсурддуулугун жана УКМКнын СИЗОсунда төртүнчү ай мыйзамсыз кармап жатышканын жаап-жашыруу үчүн ага жаңы беренелерди “илишет” деп катуу кабатырлануудабыз.

Өткөн жылы менин жолдошум Сиздин шайлоо кампанияңызга жигердүу катышып, добуш берүнүн жыйынтыктарына таасир берээр ким болбосун, өзүнүн тууган-уруктарын да, башкаларды да Сиз үчүн добуш берүүгө үгүттөп иштеген. Бардыгын эң ак ниет талапкер үчүн добуш берүүгө чакырган жана Сиздин жеңишиңизге кубанган.

Жогорудагыларды эске алып,Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепили, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик булагынын жалгыз ээси катарыСизге, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана УКМКсынын кызматкерлеринин укуктук өзүм билемдигинен Коргоочусуна кайрылам. Сизден адилеттикти калыбына келтирүүнү жана компетенттүү органдарга менин жолдошума карата козголгон кылмыш ишинин жана аны камакта кармоонун мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырууңузду суранам.

Урматтоо менен, А.Кермакунова

Булак: "Tez News"

Последние новости