www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттеги «Ильхом» театры жайгашкан имарат апрель айына чейин бошотулушу керектиги айтылгандан кийин социалдык түйүндөрдө #saveilkhom хэштеги менен акция башталды. Бул тууралуу  өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акцияны өлкө башчы Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева да колдоп чыкты.

Белгилей кетсек, 11-февралда өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков театрдын көркөм жетекчиси Борис Гафуров менен имараттын жаңы ээси "Ofelos Plaza" компаниясынын өкүлү Ольга Шаврина менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар театр тарыхый имаратын сактап калары тууралуу макулдашууга келишти. Маалыматка ылайык, "Ofelos Plaza" компаниясы бизнес-борбор курууда театрдын жайгашкан жерин эске алууну убадалады. Мындан тышкары театр менен кызматташуу жана имаратты кайтарымсыз негизде 10 жылга берүү тууралуу келишим түзүлөт.

Курулуш иштери аяктаганга чейин «Ильхом» театры Маданият министри менен Ташкент мэриясы сунуштаган имаратта иштеп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости