Бишкекте аял киши түтүнгө ууланып каза болду
Кылмыш жана кырсык  |   |  892

2020-жылдын 11-февралында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Аламедин-1 кичи районунда өрт кырсыгы катталган. Анда, уктоочу бөлмөдө электр жылыткычы жана сыналгы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен үй ээси 1938-жылы туулган аял түтүнгө ууланып каза болгон.

Окуя тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузуу менен бирге этиятсыздык мамиле жасагандан келип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями