www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-февралда Казакстандын Темиртау шаарында жайгашкан КарГРЭС-1 электр станциясынын күл топтоо дамбасынан чыккан аралашма Нура дарыясына кошулуп жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Бийлик ошол эле күнү ал жерге Караганда облустук экология департаменти менен Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү аткаминерлер жөнөп кеткенин билдирди.

— Адистер суунун үлгүсүн алып, текшерүүгө жөнөтүштү. Анын жыйынтыгы менен булгануунун деңгээли аныкталат. Электр станциясына ээлик кылган Bassel Group компаниясында плансыз текшерүү жүргүзүлөт, — деди облустук экология департаментинин жетекчи орун басары Алибек Бекмухаметов.

Bassel Group компаниясы тиешелүү чаралар көрүлүп, аралашманын сууга кошулуусу токтотулганын билдирди.

1942-жылы ишке берилген КарГРЭС-1 Казакстандагы эң эски электр станциялардын бири. 2005-жылы аны Bassel Group компаниясы сатып алган. Негизги ишмердүүлүгү — Темиртау шаарындагы ишканалар үчүн электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости