www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди. Мындан  улам, бизге ишеним арткан жалпы  журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарылайм - деди 21-октябрда КР президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров.

"30 күн убакыт берем! Силер, өзүңөр деле, ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казнага кайтарып бергиле! Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Жетишет! - деп кошумчалады.

Талап туура! Бирок Кыргызстанда эл билбеген миллионерлер эмес, миллиардер бар экенин кыргыз калкы билбейт! Алардын көпчүлүгү кыйналган элге жардам берип, оор күндө элин ойлогон Райымбек Матраимовду "сазга" тыктырып фейктери аркылуу көө жаптырып келген. Эми ошол кыргызстандык сараң байларды Садыр Жапаров кустуруп, Кытайдан алган карызды тез арада бербесек абал коркунучтуу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости