www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы бул мыйзамды кабыл алууга бир катар жагдайлар, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал шарт түзгөнүн белгиледи.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Эске салсак,мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, бийликти "бир кишинин колуна берүү аракети" деп баалашса, демилгечилер бул мыйзам долбоорунда Конституциянын бир да нормасы бузулбаганын айтышты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда же 17-январда өтөрүн билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости